Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:35

Байден коронавирус менен күрөшүү планын сунуш кылды


Президент Жо Байден. Ак Үй. 2021-жылдын 11-марты
Президент Жо Байден. Ак Үй. 2021-жылдын 11-марты

АКШ президенти Жо Байден кызматка киришкенден кийин биринчи жолу элге кайрылуу жасады. Пандемия жарыяланып, карантин киргенине бир жыл толгонуна арналган сөзүндө президент 4-июлга чейин өлкө нормалдуу турмушка кайтат деп үмүттөнөрүн, эмдөө программасы тездетилерин билдирди.

11-мартта улуттук каналдардан тартууланган кайрылуусунда президент 530 миңдей америкалыктын өмүрүн алып кеткен пандемия менен күрөштүн мындан аркы кадамдары менен тааныштырды.

Байден ошол күнгө карай коронавирустан көз жумгандардын так санын атап, өлкө эки дүйнөлүк согушта, Вьетнам урушунда жана 11-сентябрь теракттарында курман болгондорду чогуу санаганда да мынча жоготууга учурабаганын белгиледи.

Жакында жүргүзүлгөн сурамжылоого караганда ар бир бешинчи америкалык үй-бүлө мүчөсүнөн же жакын адамынан ажырады.

Байден анын администрациясы вакцинанын ар бир эмдөө борборуна, дарыканага, медициналык жайга жеткирилиши үчүн штаттар менен иш алып бара турганын айтты:

"Бүгүнтөн калбай штаттарга жана аймактарга 18ден жогору жаштагы бардык америкалыктар мурда күтүлгөндөн эрте, 1-майга чейин эмделүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болсун деген көрсөтмө берем. Бул - ар бир чоң кишиге дароо вакцина сайылат дегенди түшүндүрбөйт. Ар бириңер 1-майдан тарта кезекке тура аласыңар дегенге жатат. Ар бир чоң киши эмделүү укугуна ээ. Бул максатка жетүү үчүн мен декабрда кызматка кирише электе убада кылгандай күнүнө 1 миллион ийне саюунун ордуна азыркы 2 миллион деген көрсөткүчтөн ашып, дүйнөдө биринчи орунга озуп чыгабыз".

Былтыр шайлоо кампаниясы учурунда Байден пандемияны ооздуктоо үчүн кызматтагы 100 күнүндө 100 миллион киши эмделерине убада берген. Президенттин ант бергенине 50 күн болгондо чыккан маалыматтарга караганда 64 миллиондон ашуун киши же калктын 19,3 проценти вакцинанын жок дегенде бир дозасын алды. 33,8 миллион америкалык же калктын 10,2 пайызы толук эмделди.

Бостондогу мектеп. 28-январь 2021-жыл
Бостондогу мектеп. 28-январь 2021-жыл

Кайрылуу жасардын алдында Байден 1,9 триллион доллар жардам каралган пакетке кол койду. Президенттин айтымында, бул каражат коронавирус кризисинен жапа чеккен катардагы америкалыктарга көмөк болмокчу.

Бөлүнгөн каражат эмдөө, чакан бизнести колдоо, жумушсуздарга, балдарга жөлөк пул төлөөгө сарпталмакчы. Америкалык маалымат каражаттары санап чыгышкандай жардамды тигил же бул көлөмдө үй-бүлөлөрдүн дээрлик 90 проценти алат. Ак үй америкалыктардын көбү 1400 доллардан жардам аларын билдирген.

Америкалык лидер майдын башына чейин мектептердин көбүн ачууга үмүттөнөрүн айтып, ар бир адамды жеке жоопкерчиликти сезүүгө чакырды.

"Караңгы кыштан үмүт тартуулаган жаз менен жайга кирип баратабыз. Бирок, эрежелерден баш тартпоо зарыл", - деп белгиледи президент.

"Колуман келгендин баарын жасоого сөз берем. Вирусту ооздуктамайынча, мен чегинбейм. Бирок мага силердин - америкалык элдин жардамы зарыл. Ар бириңер өз ишиңерди аткарышыңар керек. Бул аша чапкандык эмес. Мүмкүнчүлүк пайда болгондо, кезек келгенде, эмделгиле. Жакындарыңарга, кошуналарыңарга эмделүүгө жардам бергиле. Ушул ишти 4-июлга чейин аткарсак, Көз карандысыздык күнүн жакындарыңар менен чогуу майрамдайсыңар деген мүмкүнчүлүк жогору болмокчу".

Johnson & Johnson компаниясынын вакцинасы
Johnson & Johnson компаниясынын вакцинасы

Байден кайрылуу жасаган күнү Европа Биримдиги Кошмо Штаттардагы Johnson & Johnson (J&J) компаниясы чыгарган вакцинаны блоктун 27 өлкөсүндө колдонууга уруксат берди.

Препарат бир эле жолу сайылат. Шаркетте учурда Pfizer-BioNTech, Moderna жана AstraZeneca вакциналары менен эмдеп жатышат.

Ошондой эле 11-мартта АКШнын Novavax биотехнологиялык фирмасы алар ойлоп тапкан вакцина коронавирустан адамды жакшы коргой турганын көргөздү деп билдирди.

Ошол эле маалда Дания, Норвегия, Исландия, Италия жана Румыния мамлекеттери эмдөөдөн кийин бир нече кишиде тромбоз пайда болгонун жүйө келтирип, Оксфорддун AstraZeneca препаратын саюуну убактылуу токтотушту. Адистер вакцина коопсуз деп ишендирип келишкени менен бул тизмеге 12-мартта Таиланд да кошулду.

XS
SM
MD
LG