Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:41

Украинада, Польшада, Болгарияда коронавирусту жугузгандар көбөйдү


Украина.
Украина.

Европа Биримдиги коронавируска каршы вакциналарды Британия жана башка өлкөлөргө экспорттоого чектөө киргизген эрежелерди кабыл алууну көздөөдө. Буга шаркетке мүчө өлкөлөрдөгү эмдөөнүн жай жүрүп жатканы жана вирустун үчүнчү толкуну себеп болду. 24-мартта жарыяланары кабарланган документ вакцинанын импорту менен экспортунун балансын сактоого багытталган.

Евробиримдик эмдөө жогорку темпте жүрүп жаткан же коронавирус жугузган өлкөлөргө вакцина сатуунун көлөмүн кыскартышы мүмкүн. Биримдиктин аймагында коронавируска каршы эмдөө жай жүрүп, бир катар маселелер жаралууда.

Континентте вирусту жугузгандар жана каза болгондор көбөйүүдө. 24-мартта Украина пандемия башталгандан бери коронавирустан эң көп адам көз жумганын жарыялады. Өлкөнүн саламаттык сактоо министри Максим Степановдун айтымында, акыркы 24 сааттын ичинде 342 адам каза болду. Ал эми Польшада болсо акыркы суткада вирус 29 978 адамдан аныкталды. Бул - рекорддук көрсөткүч. Дал ушундай эле көрсөткүч Болгарияда да катталды. Бул өлкөдө 4851 адам СOVID-19ду жугузганы белгилүү болду.

XS
SM
MD
LG