Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 14:01

Навальныйдын адвокаттары саясатчынын саламаттыгы начарлаганын айтып чыгышты


Абактагы орус оппозиционери Алексей Навальныйдын саламаттыгы начарлап кетти. Бул тууралуу анын адвокаттары Вадим Кобзев жана Ольга Михайлова билдирди. Адвокаттардын айтымында, өткөн апта соңунан бери оппозиционердин бели катуу ооруп жатат. Ага ушул учурда ооруну басуучу "Ибупрофен" препаратынан эки гана таблетка беришкен.

24-мартта Навальныйга адвокаттардын киришине уруксат беришкен эмес. Алар саат 13.00дө жолугууга уруксат алышкан, бирок, белгиленген мөөнөттө киргизишкен эмес. Мындай абалды түрмөдөгү “режимдик иш-чаралар” менен түшүндүрүшкөн.

Алексей Навальныйдын командасынын мүчөлөрү саясатчынын абалын коомчулуктан жашыруу үчүн адвокаттарын киргизген жок деп божомолдошууда.

Кремлдин башкы сынчысы 44 жаштагы Алексей Навальный былтыр августта Томск шаарында тымызын ууландырылган. Комага түшкөн Навальныйды атайын учак менен Омск шаарынан Берлинге жеткиришип, анын өмүрүн сактап калышкан.

Орус бийликтери Навальный ууландырылгандан кийинки Германияда дарыланган жана саламаттыгын чыңдаган учурун «шарттуу жазага кабылган айыпкер өз учурунда катталып турушу керектиги тууралуу эрежени бузду» деген доо үчүн пайдаланды.

Ал быйыл январда Германиядан келгенден кийин кармалып, 2014-жылкы иши боюнча 3 жыл 8 айга эркинен ажыратылды. Кийин Москва шаардык соту мөөнөттү бир аз азайтуу менен чечимди күчүндө калтырган. Навальный учурда Владимир облусундагы Покров шаарчасындагы түзөтүү колониясында жазасын өтөп жатат.

XS
SM
MD
LG