Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:52

Бизнес акыйкатчы бийликке бизнеске кысым болуп жатканын жеткирди


Бишкектеги ири дүкөндөрдүн бири.
Бишкектеги ири дүкөндөрдүн бири.

Президенттин аппаратынын стратегиялык өнүктүрүү, экономика жана финансы саясаты бөлүмүнүн башчысы Искандер Гаипкулов Кыргызстандын бизнес-акыйкатчысы Робин Орд-Смит менен жолугушту. Бул тууралуу маалымат президенттин сайтында жазылды.

Жолугушууда Робин Орд-Смит учурда мамлекеттик текшерүүчү жана көзөмөлдөөчү органдар бизнеске кысым көрсөтүп жатканын билдирди. Ал мамлекеттик мекемелер Акыйкатчынын мыйзам бузуулар боюнча жиберген актыларын эске албай, көз жаздымда калтырып жатканын белгиледи.

Искандер Гаипкулов бизнеске кысым көрсөтүү фактылары, ошондой эле, президенттин ишкерлерди колдоо үчүн чыгарган жарлыктарынын аткарылбай жатканы президенттин аппаратына жеткирилерин билдирди.

Бизнес акыйкатчы менен президент аппаратынын бөлүм башчысы бизнести коргоо жана колдоо боюнча тыгыз иштешүүнү макулдашышты.

Буга чейин премьер-министр Улукбек Марипов өкмөттүн жыйындарынын биринде март айында өкмөттүн токтому менен жоюлган Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат ушул жылдын январь айында 100 жеке ишкерге, февраль айында дагы 40 бизнесменге кылмыш ишин козгогонун айтып, укук коргоо органдарынын бизнесмендерге жасаган мамилесин сынга алган. (TSh)

XS
SM
MD
LG