Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:40

Чек арада жайгашкан өзгөчө статустагы 81 айыл бар  


Баткен. Лейлек районундагы Максат айылы жайгашкан чек ара тилкеси. Сентябрь, 2019-жыл.
Баткен. Лейлек районундагы Максат айылы жайгашкан чек ара тилкеси. Сентябрь, 2019-жыл.

Кыргызстанда чек ара аймактарында жайгашкан 81 айыл жана 9 участок бар. Аларга 61 айыл Баткен облусунан, 14 айыл Жалал-Абад облусунан, 4 айыл Ысык-Көл облусунан, ошондой эле Ош, Талас облустарынан бирден айыл кирет. Жалпы бул айылдарда 155 миңден ашуун адам жашайт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин 24-марттагы жыйынында Аймактарды өнүктүрүү агенттигинин директору Бактияр Салиев маалымдады.

Парламентте өзгөчө статуска ээ болгон чек ара аймактарын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү боюнча мамлекеттик программасынын долбоору жактырылды. Ага ылайык 2021-жылы аталган айылдарга 100 млн. сом бөлүнөт.

2020-жылы 115 млн. сом өлчөмүндөгү каражат жумшалган. Ал эми долбоорго ылайык 2022-жылга 150 млн. сом, 2023-жылга 200 млн. сом, 2024-жылга 250 млн. сом бөлүнөөрү пландалды. (TSh)

XS
SM
MD
LG