Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:05

Таласта коронавирустун жасалма анализин сатып жүргөндөр кармалды


Кармалган шектүүнүн сүрөтү.
Кармалган шектүүнүн сүрөтү.

Милиция Таластын “Чоң-Капка” көзөмөл өткөрмө бекетинин жанындагы тез татым жайында коронавирустун жасалма ПЦР анализдерин 1500 сомдон сатып жаткан шектүүлөр кармалганын билдирди.

Талас облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы тараткан маалыматка ылайык, 18-мартта шектүү иштетип жаткан тез татым имаратын тинтүү учурунда жасалма ПЦР тесттер табылган. Бул ишке тиешеси бар делген дагы бир 18 жаштагы шектүүнүн үйү тинтилип, НР үлгүсүндөгү ноутбук жана принтер алынган. Шектүү Саламаттык сактоо жана социалдык өнүгүү министрлигинин Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаментинин ПЦР анализинин жыйынтыгынын үлгүлөрүн ноутбугуна жүктөп алып, коронавирустун жасалма жыйынтыгын сатып жүргөн.

Факты Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 359-берене (“Документтердин жасалмасы”) менен катталып, тергөө башталды.

Учурда пандемияга байланыштуу башка өлкөлөргө чыгууга ПЦР тесттин анализдери талап кылынып жатат. (TSh)

XS
SM
MD
LG