Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:07

Блогер Сыдыманов соттон акталды


Элмир Сыдыманов апасы Махаббат Молдомусаева менен.
Элмир Сыдыманов апасы Махаббат Молдомусаева менен.

Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту бүгүн, 24-мартта блогер Элмир Сыдымановду актаган өкүм чыгарды. Бул тууралуу "Азаттык" радиосуна анын адвокаты Али Магеев билдирди:

"Прокуратура айыптоосунан баш тартып, менин жактоомдогу адамдын иш-аракетинде кылмыш жок экени айтылып, сот аны актаган өкүм чыгарды. Ал акталды".

10-мартта Башкы прокуратура блогерге койгон айыбынан баш тарткан жана "Соттук-лингвистикалык экспертизанын корутундусуна ылайык Сыдымановдун аракетинде аймак аралык кастыкты (араздашууну) козутууга, улуттук ар-намысты кемсинтүүгө багытталган аракеттер аныкталган эмес" деп билдирген.

Сыдыманов «Инстаграмда» Sydyman деген ат менен белгилүү. Ал 2020-жылы февраль айында өзүнүн баракчасы аркылуу түз эфирде Кыргызстандын айрым облустарында колдонулган сөздөрдү сындаган. Бул окуя коомчулукта кызуу талкууга алынган. Кийин блогер жаңылыштык кетиргенин мойнуна алып, элден кечирим сураган.

Апасы Махаббат Молдомусаева ошол кездеги президент Сооронбай Жээнбековго кайрылып, уулунун ишине калыс көзөмөл жүргүзүүнү өтүнгөн жана "Элмир эки жакты бөлөйүн деген такыр ою жок. Мен өзүм Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарынан болом. Мен да түштүктүкмүн" деп белгилеген.

Блогер Бишкектеги №1 тергөө абагына камалып, 10 күндөн кийин үй камагына чыгарылган.

Ага Жазык кодексинин 313-беренеси («Расалык, улуттук, диний же аймак аралык кастыкты (араздашууну) козутуу») боюнча айып коюлган. (RK)

XS
SM
MD
LG