Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:14

“Кербен” аба майданын түрк инвестору жаңылайт


"Кербен" аба майданы.
"Кербен" аба майданы.

Кыргызстандын Жалал-Абад облусуна караштуу Аксы районундагы “Кербен” аба майданы түрк инвесторунун жардамы менен реконструкцияланып, аны кеңейтүү иштери жүрмөкчү.

Бул тууралуу “Манас” аба майданынын интернет барагында 24-мартта жарыяланды. Маалыматка ылайык, мекеме Жалал-Абадда алтын кен иштеткен “Эти Бакыр Терексай” ишканасы менен макулдашкан.

“Эти Бакыр Терексай” ишканасы “Кербен” аба майданын модернизациялоого өз ара пайдалуу шартта жана менчик түрүн өзгөртүү укугусуз түз инвестицияларды салуусу күтүлөт. Азыр бул жаатта кызматташуунун жолдору талкууланып жатат.

Бул кызматташуунун жыйынтыгында “Кербен” аба майданында эл аралык стандарттарга жооп берген жаңыланган учуп-конуу тилкеси пайда болот”, - деп айтылат маалыматта.

Түркиялык «Эти Бакыр Терексай» ишканасы “Кыргызалтын” менен биргелешип Терек, Тереккен алтын кендерин иштетет.

Бул кендердеги “Кыргызалтындын” үлүшү - 25%, ал эми «Эти Бакыр Терексай» ишканасы - 75 % үлүшкө ээ.

51 гектарды түзгөн “Кербен” аба майданы 1976-жылы курулуп, 1999-жылы акыркы жолу аба каттамын жүзөгө ашырган.

2018-жылы бул аба майданынын учуп-конуу тилкеси 5 миллион сомго оңдолуп, 10 млн. сомго аба жолдору бекети кайра курулган.

2019-жылдын май айынан тартып Кербен-Бишкек каттамы жүргүзүлө баштаары кабарланган. Бирок “Манас” аба майданынын маалымат кызматы учуулар былтыркы коронавирус коркунучунан улам жүзөгө ашпай калганын билдирди.

“Кербен” аба майданы облустагы Аксы, Ала-Бука жана Чаткал райондорунун 300 миңге чукул калкын тейлейт. Анын кызматынан коңшу Өзбекстандын болжолдуу жүргүнчүлөрү да пайдаланышы ажеп эмес. (MiK)

XS
SM
MD
LG