Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:52

Эмдөө: Кыргызстан AstraZeneca боюнча корутундуну күтүүдө


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстан Улуу Британиянын AstraZeneca компаниясынын коронавируска каршы вакцинасын алуу боюнча чечимди Дүйнөлүк саламаттык уюмунун дарыны текшерген корутундусуна жараша кабыл алат.

Бул тууралуу 23-мартта “Азаттык” радиосуна Республикалык иммунопрофилактика борборунун директору Гүлбара Ишенапысова билдирди.

Анын айтымында, 420 миң доза апрель айынын башында келмек, бирок, анын терс таасири тууралуу маалымат чыккандан кийин Кыргызстан Дүйнөлүк саламаттык уюмуна кайрылган, учурда териштирүү боюнча жоопту күтүп жатат:

“Маселе ачык бойдон турат. Биз “жок” деп да айта албайбыз. Терс таасирге вакцина себеп болгону тууралуу бүтүм алган жокпуз. Булар калктын санына жараша кезекке коёт. Бизге 420 миң доза келмек. Бирок 12-мартта окуя катталганда биз телефон чалып, тастыктап берүүнү, кепилдик берүүнү сурандык. Баары аныкталгандан кийин өкмөт чечим кабыл алат”, - деди ал.

Кыргызстан COVAX программасынын алкагында AstraZeneca вакцинасын алмак. Бирок, Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиевдин айтымында, Европадагы өлкөлөрдө бул вакцинаны сайгандан кийин адамдардын абалы начарлап, өлүмгө дуушар болгон учурлар катталгандыктан андай учурлардын чыныгы себептери аныкталгыча вакцинаны алып келүү убактылуу токтотулган. Муну министр 18-мартта билдирген.

Кыргызстанда коронавирус жугузуп алгандар 90 миңге, каза болгондор 1,5 миңге чамалады.

Ошол эле маалда Кытай өкмөтү жакында Кыргызстанга «Синофарм» компаниясынын 150 миң доза вакцинасын жардам иретинде берген эле.

Анын аркасы менен Кыргызстан коронавируска каршы эмдөөнү ушул апта ичинде баштаганы жатат. Бул тууралуу 23-мартта “Азаттык” радиосуна Республикалык иммунопрофилактика борборунун директору Гүлбара Ишенапысова билдирген.

Анын айтымында, эмдөө милдеттүү түрдө болбойт. Вакцина алууну каалаган 75 миң адамга арасын 20 күндөй кылып эки жолу сайылат:

“Кытай менен келишимдин негизинде 150 миң доза «Синофарм» компаниясынын вакцинасы келди. Биринчи этапта Бишкек, Ош шаарларында жана Чүй облусунда “кызыл зонада”, реанимацияда, тез жардамда иштеген медицина кызматкерлери, андан кийин мугалимдер эмделет. Анан 65 жаштан жогору курактагылар болот”.

Ишенапысованын маалымат боюнча, катардагы жарандар бул 150 миң доза боюнча планга азырынча кирбейт.

Калган жарандар үчүн коронавируска каршы вакцинаны чет мамлекеттерден алып келүү боюнча сүйлөшүүлөр уланууда. (RK)

XS
SM
MD
LG