Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 19:21

Жапаров: 24-марттагы окуяга адилетсиз бийлик жана мыйзамсыздык себеп болгон


Президент Садыр Жапаров
Президент Садыр Жапаров

Бүгүн президент Садыр Жапаров 24-март - элдик революция күнүнө карата кыргызстандыктарга кайрылуу жолдоду.

Анда мамлекет башчысы "адилетсиз бийлик, мыйзамсыздык, үй-бүлөлүк башкаруунун орнотулушу жана жеке кызыкчылыктын мамлекеттин кызыкчылыгынан жогору коюлушу март окуяларына себеп болгонун" белгиледи.

Жапаров кайрылуусунда алдыда Кыргызстанды өнүккөн мамлекетке айландыруу максаты турганын айтылган.

“Өлкөбүздө стабилдүүлүк үстөм болуп, мыйзамдар аткарылып турса, мамлекетибиз сөзсүз өнүгүү жолуна түшөт. Ал үчүн жарандарыбыз жапа тырмак аракеттенип, алган багытыбыздан тайбайлы”, делет кайрылууда.

2005-жылдын 24-мартындагы "Жоогазын ыңкылабы" деген аталыш менен тарыхка кирген окуяга быйыл 16 жыл болду. Ал күнү демонстранттар өлкөнү 15 жыл башкарган Аскар Акаевдин үй-бүлөлүк системасына каршы чыгышкан.

2008-жылдан тартып бул күн Элдик революция күнү катары расмий белгиленип келген. 2012-жылы Жогорку Кеңештин токтому менен бул датаны расмий белгилөө токтотулган. (RK)

XS
SM
MD
LG