Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:43

Аксы: Электр кубаты жетелек айылдар туристтик аймакка айланышы мүмкүн


Кызыл-Бейит айылы жайгашкан аймак. Аксы району.
Кызыл-Бейит айылы жайгашкан аймак. Аксы району.

Кыргызстандын Өкмөтүнүн Жалал-Абат облусундагы өкүлү Абсаттар Сыргабаев Кореянын KOICA эл аралык кызматташтык агенттигинин KF SilkRoad долбоорунун жетекчиси Чу Санг Хун менен жолугушуп, Аксы районундагы Кызыл-Бейит жана Кашка-Суу айылдарынын туристтик мүмкүнчүлүктөрүн өрчүтүү жөнүндө талкуулашты.

Өткөн жылы облус аймагындагы туристтик мүмкүнчүлүгү бар жайлар изилденип, Аксы районундагы аталган эки айыл долбоорго тандалып алынган. Жолугушууда ал айылдарга баруучу жолдор, туристтик инфратүзүмдү жакшыртуу аракеттери көрүлөөрү айтылды.

Аксыдагы табияты ажайып Кызыл-Бейит айылы Ак-Жол айыл аймагына кирет.

1980-жылдарга чейин бул кыштак Бишкек-Ош жолунун боюнда турган.

Кийин Күрп-Сай ГЭСи курулганда Нарын дарыясы бөгөлүп, аталган жол суу астында калган.

Учурда бул айылдагы 50 түтүндө 300гө жакын киши жашайт. ГЭСтин жанында жайгашканы менен айылда электр кубаты, дарыгерлик түйүн, мектеп жок, уюлдук байланыш да жакшы тартпайт.

Кызыл-Бейит кыштагынын тургундары Нарын дарыясынан кайык менен өтүп, "чоң жер" менен катташат.

2019-жылы Аксынын Авлетим айыл аймагына таандык Чоңтовар-Сай жаңы конушунун тургундары да 10 жылдан бери жарыгы жок жашап жатышканын "Азаттык" чагылдырган.

Жалал-Абад облусунда Кыргызстандагы ири ГЭСтер жайгашканы маалым. (TA)

XS
SM
MD
LG