Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:48

Саламаттык сактоо министрлиги шайлоого байланыштуу алгоритм иштеп чыкты


Кыргызстандын президентин шайлоо учуру. Бишкек. 10-январь, 2021-жыл.
Кыргызстандын президентин шайлоо учуру. Бишкек. 10-январь, 2021-жыл.

Кыргызстанда 11-апрелге белгиленген референдум жана жергиликтүү кеңештерге шайлоодо санитардык коопсуздук боюнча атайын алгоритм иштелип чыкты.

Аны Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги Борбордук шайлоо комиссиясы менен биргеликте даярдаган. Бул тууралуу министрликтин өкүлү Айнура Акматова 23-марттагы брифингде билдирди.

“Алгоритм жарандардын санитардык коопсуздугун жана ден соолугун коргоодо төмөнкү талаптарды камтыйт. Алар: аймактык шайлоо комиссияларына коюлган талаптар, шайлоо алдындагы үгүт иштерине коюлган талаптар, сырттан добуш берүү үчүн талаптар, шайлоо күнүндө коюлган талаптар, добуш берүүчү жайларга талаптар жана шайлоочулар үчүн атайын сунуштар”, - деди Акматова.

Баш мыйзамдын жаңы долбоору боюнча референдум 11-апрелде жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоо менен бирге өтөт. Кыргыз өкмөтү өлкөдө коронавируска чалдыккандар кайра көбөйө баштаганына тынчсызданып жатат.

COVID-19га каршы күрөшүү боюнча республикалык ыкчам штабдын 23-марттагы маалыматына караганда, акыркы бир суткада өлкөдө вирус 75 адамдан аныкталды, каза болгондор катталган жок.

Оору жаңы аныкталгандардын эң көбү Бишкек шаарында (56) жана Чүй облусунда (12). Пандемия башталган бир жыл ичинле оору жуккандардын жалпы саны 87 537ге жетти, каза болгондор - 1490 адам. (TSh)

XS
SM
MD
LG