Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:42

Кыргызстан коронавируска каршы эмдөөнү ушул аптада баштаганы жатат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстан коронавируска каршы эмдөөнү ушул апта ичинде баштаганы жатат. Бул тууралуу 23-мартта “Азаттык” радиосуна Республикалык иммунопрофилактика борборунун директору Гүлбара Ишенапысова билдирди.

Анын айтымында, эмдөө милдеттүү түрдө болбойт. Вакцина алууну каалаган 75 миң адамга арасын 20 күндөй кылып эки жолу сайылат:

“Кытай менен келишимдин негизинде 150 миң доза «Синофарм» компаниясынын вакцинасы келди. Биринчи этапта Бишкек, Ош шаарларында жана Чүй облусунда “кызыл зонада”, реанимацияда, тез жардамда иштеген медицина кызматкерлери, андан кийин мугалимдер эмделет. Анан 65 жаштан жогору курактагылар болот”.

Ишенапысова билдиргендей, катардагы жарандар бул 150 миң доза боюнча планга азырынча кирбейт.

Калган жарандар үчүн коронавируска каршы вакцинаны чет мамлекеттерден алып келүү боюнча сүйлөшүүлөр уланууда.

Кыргызстанда коронавируска чалдыккандар 90 миңге, каза болгондор 1,5 миңге чамалады. (RK)

XS
SM
MD
LG