Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:17

Шыкмаматов: Жерүй боюнча азыркыдай келишим түзбөйт элем, бирок ишти улантуу зарыл


Алмамбет Шыкмаматов. (Архивдик сүрөт).
Алмамбет Шыкмаматов. (Архивдик сүрөт).

Таластагы Жерүй алтын кенин иштетүү боюнча орусиялык ишкерлер менен түзүлгөн келишимди өзгөртүү мүмкүн эмес. Мындай пикирин 23-мартта “Азаттык” радиосуна берген интервьюсунда Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо агенттигинин жетекчиси Алмамбет Шыкмаматов билдирди:

“Эгер жаңы барактан баштасак, мен мындай келишим түзбөйт элем. “Сөзсүз мамлекеттин үлүшү болсун” деп түзөт элем, эгер жеке мага суроо болсо. Бирок биз цивилдүү элбиз десек улантуучулук деген болушу керек. Убагында ошентип түзүлүп калгандыктан аларды кубалай албайбыз. Ал мүмкүн эмес”.

Шыкмаматов Жерүй боюнча келишимди “тарыхый ката” деп атап, алтынды казышкан инвестор менен кирешени эмес, алтынды бөлүп алуу тууралуу мыйзам мурда кабыл алынбаганын белгиледи:

“Бизге алтын түрүндө өтсүн, инвесторго калган пайызы да алтын түрүндө өтсүн, кирешени эмес, алтынды бөлөлү деген мыйзамды мурда кабыл алып койсок болмок”.

Агенттиктин жетекчисинин айтымына, Жерүйдөн Кыргызстан салык жана башка төлөмдөр түрүндө жылына 3 миллиард сомдой алып турмай болуп жатат, Кумтөр алтын кенинен бир жылда 7 миллиарддай түшөт.

Кыргызстанда көлөмү боюнча Кумтөрдөн кийинки экинчи орунда турган, мурдагы президенттер Аскар Акаев менен Курманбек Бакиевдин учурунда лицензиясы колдон-колго өтүп келген Жерүй кенин иштетүү укугу азыр орусиялык ишкерлердин колундагы «Альянс-Алтын» компаниясында. Бирок бул кенди иштетүүгө жергиликтүү тургундар каршы чыгып, бир канча жолу нааразылык акциясын өткөргөн. Алар Кыргызстандын бул ишканада үлүшү жоктугун жана экологияга зыяны канчалык экени тууралуу так маалымат берилбей жатканын жүйө келтирүүдө.

Алтын иштетүүчү комбинаттын ачылышы 17-мартта президенттер Садыр Жапаров менен Владимир Путиндин катышуусунда өткөн​. (RK)

XS
SM
MD
LG