Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:47

Кыргызстанда Дүйнөлүк акча жумалыгы өтүп жатат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Улуттук банктын маалыматы боюнча, бул иш-чара 22-марттан 28-мартка чейин өлкөнүн бардык аймактарында “Өзүңө сак бол, акчага бек бол” аттуу ураан менен өтөт.

Бир жума ичинде Улуттук банк, мамлекеттик органдар жана эл аралык уюмдар финансылык сабаттуулук боюнча жалпы билим берүүчү иш-чараларды өткөрөт. Көчмө лекциялар менен тренингдер мектептерде жана окуу жайларда уюштурулат. Мындан сырткары дүйнөлүк акча жумалыгынын алкагында ар кандай конкурстар болот.

Дүйнөлүк акча жумалыгы (Global Money Week) – бул балдардын жана жаштардын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу максатында дүйнөнүн 175тен ашуун өлкөсүндө жыл сайын өткөрүлүүчү ири өнөктүк. Бул иш-чара Кыргызстанда 2015-жылдан бери өткөрүлүүдө. Ал жаштарды акчаны туура жана сарамжалдуу колдоно билүү маданиятына үйрөтүү максатын көздөйт.

Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча 2020-жылы 544 миң киши чакан насыя берчү компаниялардан 23 миллиард сомдон ашык насыя алган. Кардарлар насыянын көбүн керектөөчүлүк мужтажчылыкка колдонгон. (MiK)

XS
SM
MD
LG