Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:25

Шыкмаматов: «Камбар-Ата-1» ГЭСин Кыргызстан өзү кура албайт, Өзбекстан капитал салууга гана даяр


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстан «Камбар-Ата-1» гидроэлектростанциясын өзүнүн күчү менен кура албайт, эгер Өзбекстан менен келишим түзүлсө өзбек тарап капитал салуучу гана ролдо болот. Бул тууралуу 23-мартта “Азаттык” радиосуна Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо агенттигинин жетекчиси Алмамбет Шыкмаматов билдирди:

“Башкаруу, өндүрүлгөн энергия өзүбүздө болот. Менчик биздики болот. Алар болгону капитал гана салат”.

Шыкмаматов билдиргендей, президент Садыр Жапаровдун Өзбекстанга сапары учурунда бул долбоор боюнча эки тарап ниетин гана билдиришти:

“Биринчи, экинчи пункт, келишим дегенге жете элекпиз. Болгону ниет. “Эгер силерге инвестор керек болсо биз болуп берели” деген сөз болду. Биз “Эмне үчүн мүмкүн эмес? Келгиле” дедик. Эми эки министрлик келишим долбоорун түзүп, талкуулап, керек болсо талашып, ынандыра турган, кийин өкүнүп калбай турган келишимге барышыбыз керек”.

Агенттиктин жетекчиси Нарын дарыясына курулчу «Камбар-Ата-1» гидроэлектростанциясын Кыргызстан өз алдынча сала албайт деген пикирде:

“Чынын айтсам, мүмкүнчүлүгү жок. Сөзсүз инвестор керек. Өзүбүз салабыз десек, ал утопия. Дагы 10 жыл күтүш керек”.

Шыкмаматов кошумчалагандай, бул долбоорду Өзбекстан менен бирге үч жылда ишке ашырса болот.

«Камбар-Ата-1» электростанциясы «Токтогул» ГЭСине караганда электрди көп чыгара турган ишкана болору айтылып келет. Аны курууга өзбек тарап катышары тууралуу айтылгандан бери "Өзбекстандын катышуусу кандай болот? Үлүш кандай бөлүштүрүлөт?" деген суроолор айтылып жаткан. (RK)

XS
SM
MD
LG