Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:41

"Атайын байланыш" кызматындагы жапырт иштен алуу боюнча сот уланууда


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда Санарип өнүктүрүү боюнча мамлекеттик кызматка караштуу "Атайын байланыш" кызматындагы жапырт иштен алуу боюнча арыз каралууда. Бул тууралуу маалыматты “Азаттык” радиосуна райондук соттун басма сөз кызматы тастыктады.

Арыз менен кайрылгандардын бири, аталган мекемеде атайын тапшырма боюнча фельдъегерь болуп иштеген Руслан Жүзүмов 2020-жылдын октябрында бир күндө алты адам жумуштан алынганын, алар өз ордуна кайра коюуну талап кылып жатканын билдирди:

“Айлык боюнча 2017-жылдан берки карызды жоюу талабы коюлган жыйындар үч жолу өткөн. Үчөөндө тең жетекчилик биздин талаптарды укпай койгон. Санарип өнүктүрүү боюнча мамлекеттик кызматка кайрылсак, Экотехинспекцияга же прокуратурага жазгыла дешти. "“Атайын байланыш" кызматында коррупция бар, каржылык мыйзам бузуулар бар, төрт жылдан бери карыз төлөнбөйт" деп 12-октябрда жазсак, 13-октябрда Эмгек кодексинин “Ишенимди жоготуу” беренеси боюнча бизди жумуштан алып коюшту. Эч негизсиз. 2018-жылы кредитордук карыз 6,5 миллион сом болсо, ишкананын жаңы жетекчиси Нурлан Осмоновдун тушунда, 2020-жылдын сентябрында 11 миллион сомго жеткен”.

Жүзүмов аларды жумуштан алуу коронавируска байланыштуу өзгөчө абал жарыяланган учурда болгонун, бул мыйзамсыз экенин белгиледи.

Мекеме жетекчиси Нурлан Осмонов айыптоолорду четке кагып, айлык боюнча карыз жана жемкорлук жок экенин айтып жатат:

“Эч кандай коррупция жок. Орун талаш болуп эле кирип келишкен. 6-октябрда менин кабинетиме кирип келип, “Болду, кетиңиз” деген талап коюшту. Бул жер аскердик ишкана болсо, бүт баары Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) аркылуу өтсө, ар ким өзүнүн жумушун билиши керек да. Ар бир адам өзүнүн ордун билиши керек. Мен өзүм Оштон болгондуктан, “түндүк-түштүк” болду. Каржылык эч кандай маселе жок. Эсеп палатасы жыл сайын текшерет. Менин келгениме эки жыл болду. Эки жолу Эсеп палатасы текшерди, ага чейин да текшерип жүргөн. Болгону, мен ордумду бошотуп, чыгып кетишим керек экен. Ошону талап кылышты. Комиссия карап чыгып, Эмгек кодексинин "Ишенимди жоготуу" тууралуу 83-беренесинин негизинде аларды кетирүү боюнча жыйынтык чыгарды, мен кол койдум, себеби биз баалуу жүк менен иштейбиз”.

Осмонов өзгөчө абал учурунда кызматкерди бул берене менен жумуштан алууга мыйзам жол берет деп ишендирүүдө.

Бул маселе боюнча соттук териштирүү 2020-жылдын декабрынын ортосунда башталган. Райондук сот билдиргендей, кийинки отурум 26-мартта болот. (RK)

XS
SM
MD
LG