Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:37

“Нооруз 2021” көк бөрү мелдеши башталды


 "Сары-Өзөн" жана "Жаш күч" командаларынын оюнчулары беттеш учурунда. Чолпон-Ата шаары. 17-март, 2021-жыл.
"Сары-Өзөн" жана "Жаш күч" командаларынын оюнчулары беттеш учурунда. Чолпон-Ата шаары. 17-март, 2021-жыл.

Чолпон-Ата шаарындагы ат майданда Нооруз майрамына карата көкбөрү боюнча мелдеш башталды. Мелдеште командалар жогорку жана биринчи лигаларга бөлүнүп күч сынашып жатат.

Жогорку лигада алты команда: "Ынтымак", "Достук", "Сары-Өзөн", "Жаш күч", "Мурас" жана "Ала-Тоо" катышууда. Учурда алар эки тайпага бөлүнүп күч сынашууда.

Мелдештин биринчи күнүндө "Сары-Өзөн" командасы "Жаш күч" командасын 11:6 эсебинде утуп алды. Экинчи оюнда болсо "Достук" менен "Ала-Тоо" командалары беттешип, 7:2 эсебинде "Достук" командасы жеңишке жетти.

"Достук" жана "Ала-Тоо" командаларынын беттеши.
"Достук" жана "Ала-Тоо" командаларынын беттеши.

Бүгүн, 18-мартта жогорку лиганын оюндарынын алкагында "Жаш күч" командасы "Ынтымак" командасы менен күч сынашат. Андан соң "Мурас" жана "Ала-Тоо” командалары беттешет.

Ал эми биринчи лигада өлкө аймагынан келген 21 команда төрт тайпага бөлүнүп ойноп жатат. Мелдеш 21-мартта жыйынтыкталат.

“Нооруз 2021” мелдеши коомдук ишмер, экс-депутат Болот Шер жана белгилүү кинорежиссерлор Болот Шамшиев, Темир Дүйшекеевдин жаркын элесине арналат.

Нооруз майрамынын урматына уюштурулчу көкбөрү мелдеши 2020-жылы коронавирус пандемиясына байланыштуу өтпөй калган. (GT)

XS
SM
MD
LG