Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:38

Тендерге нааразы болгондор митингге чыгышты


ӨКМдин имаратынын алдында тендерге нааразы болуп чогулгандар.
ӨКМдин имаратынын алдында тендерге нааразы болуп чогулгандар.

Бүгүн, 23-мартта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин имаратынын алдында онго жакын киши чогулуп, тендерге байланыштуу нааразычылыгын билдиришти. Алардын айрымдары “Коррупция, токто!”, “Таза жана акыйкат тендер” деп жазылган плакаттарды көтөрүп алышкан.

Өзүн «Грин таун» компаниясынын директорумун деп тааныштырган Ырыскелди аттуу адам нааразылардын атынан сүйлөдү.

“Үч жылдан бери биздин компания суу ташкынына туруштук берчү сеткаларды чыгарып келебиз. Бизди жыл сайын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги чакырат. Мен сеткалардын үлгүсүн көрсөтсөм, тендерге катыш деген. 2019-жылы 22-мартта өткөн тендерде 7 миллион 723 миң сомго жарыялаган тендерди 4 миллион 892 миң сомго сунуштап утканбыз. Муну менен 2 миллион 800 миң сом мамлекетке пайда келтирдик. Бирок ошол тендерди бизге бербей “бул суммага жооп берген келишим жок экен” деп, биздин компаниянын ишинен баш тартып коюшту. Башкы прокуратурага кайрылдым. Биз тендер таза өтүшүн талап кылып жатабыз”.

Чогулгандар менен өзгөчө кырдаал министринин орун басары Урматбек Шамырканов жолугуп, маселени мыйзамдуу жол менен чечүүнү сунуш кылды.

Кыргызстанда тендерге байланышкан чырлар буга чейин бир нече жолу болгон. (MiK)

XS
SM
MD
LG