Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:30

COVID-19: Өкмөт элди этият болууга чакырды


Айнура Акматова.
Айнура Акматова.

Кыргыз өкмөтү өлкөдө коронавируска чалдыккандар кайра көбөйө баштаганына тынчсыздануу билдирүүдө. Бүгүн, 23-мартта Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү Айнура Акматова эпидемиологиялык абал тууралуу маалымат берип жатып элге кайрылды:

"Бишкек шаарында учурлар көбөйүшүн байкап жатабыз. Ошондуктан ооруну алдын алуу боюнча атайын элементардык эрежелерди сактоого, беткап тагынып, аралыкты сактап, эл көп чогулган жерге барбоого чакырабыз".

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын бүгүнкү, 23-марттагы маалыматына караганда, кечээтен бери Кыргызстанда бул вирус 75 адамдан аныкталды, каза болгондор катталган жок.

Оору жаңы аныкталгандардын эң көбү Бишкек шаарында (56) жана Чүй облусунда (12).

Өлкөдө оору жуккандардын жалпы саны 87 537ге жетти, каза болгондор - 1490 адам.(RK)

XS
SM
MD
LG