Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:26

Абхазиядан ташылган машинелердин ээлери митинг өткөрүштү


Абхазиядан ташылган машине ээлери өткөргөн митинг. 23.03.2021.
Абхазиядан ташылган машине ээлери өткөргөн митинг. 23.03.2021.

Бүгүн -23-мартта эски Өкмөт үйүнүн алдында - Турдакун Усубалиев атындагы аянтта - Абхазиядан ташылган автоунааларды Кыргызстанда каттоону мамлекеттик органдардан талап кылгандардын митинги өттү.

Президент Садыр Жапаровдун атына жазылган кайрылууда митингчилер Абхазиядагы каттоосу менен Кыргызстанда жүргөн жана Жапониядан сатып алынып жолдо келе жаткан оң рулдуу автоунааларды мыйзамдаштырууну, учурда айып аянтчасына токтотулгандарын бошотуп берүүнү өтүнүшкөн.

Ошондой эле алар Жапониядан оң рулдуу автоунааларды алып келүүгө уруксат берүү жагын карап көрүүнү суранышууда.

Уюштуруучулардын айтымында, Өкмөт үйүнүн алдындагы митингге 200дөй адам чогулган. Алардын бири маселени мындай ортого салды:

“Ишеним кат менен айдаса болот экен, деген сөзгө ишенип, 3-4 жылдан бери айдап жүрдүк. Бирок, камалып калган машинелер бар. Алардын ээлери такси айдап, ошол акчага балдарын багышат. Ооба, биз бул машинелерди билбей сатып алганбыз. Мыйзам бузулду. Бирок алдын ала эскертүү бербестен машинелерди камап салган туура эмес да”.

Чогулгандар менен жолуккан вице-премьер-министр Улугбек Кармышаков нааразылардын талабы ЕАЭБдин деңгээлинде чечилерин билдирди. Ошондой эле Кармышаков унаа токтотуучу жайга камалган Абхазиядан келген автоунааларды чыгаруу маселеси мыйзамдуу түрдө караларын айтты.

Ушундай эле митинг 19-мартта Ала-Тоо аянтында да өткөн.

16-марттан бери Мамлекеттик бажы кызматы Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы (ЖКККБ) менен биргеликте рейд жүргүзүп, Абхазиядан унааларды мыйзамсыз алып келип, сатып жаткандарды тыюуга аракет кылып жатышат. Убактылуу бажы декларациясы жок же декларациясынын мөөнөтү өтүп кеткен 10 чакты автоунаа камакка алынган. Бажы кызматы бул машинелер боюнча топтолгон материалдарды күч органдарына өткөрүп бергени белгилүү болду.

Маалыматка ылайык Жапониядан ташылган машиненин документтери Абхазияда жасалып, ошол жердеги тургундардын бирине катталат. Андан кийин автоунаага ээлик кылган адам машинени Орусиянын аймагына киргизип, ал жерден Кыргызстанга жиберилет. Бул машинелер - Кыргызстандын аймагына алып кирүүгө тыюу салынган оң рулдуу автоунаалар.

Кыргызстандагы абхаз номери менен жүргөн автоунаалардын ээлери машинени өзүнө каттатып, башка бирөөгө сатып же болбосо убактылуу айдап турууга да бере албайт. Анткени Абхазиядан келген машинелер ЕАЭБдин товары болуп эсептелбейт.

Мамлекеттик бажы кызматы Кыргызстанга Абхазия аркылуу келген автоунаалардын саны белгисиз экенин билдирүүдө. Бирок андай номурлуу машинелер Кыргызстандын аймагында, өзгөчө Бишкек шаарында көп кездешет.

Абхазия 1992-жылы Грузиядан бөлүнүп өз алдынчалыгын жарыялаган мамлекет. Москва Абхазияны көз карандысыз мамлекет катары тааныган. Бирок, Орусиянын мындай чечимин дүйнөдөгү саналуу өлкөлөр гана колдогон.

Абхазияны өзүнчө мамлекет катары дүйнөнүн көпчүлүк мамлекеттери, анын ичинен Кыргызстан да тааныган эмес. (MiK)

XS
SM
MD
LG