Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:06

Абхазиядан ташылган автолордун ээлери кайрадан митингге чыкты


Абхазиядан ташылган машине ээлери өткөргөн митинг. 23.03.2021.
Абхазиядан ташылган машине ээлери өткөргөн митинг. 23.03.2021.

23-мартта эски Өкмөт үйүнүн алдында - Турдакун Усубалиев атындагы аянтта - Абхазиядан ташылган автоунааларды Кыргызстанда каттап, мыйзамдаштырып берүүнү мамлекеттик органдардан талап кылгандардын митинги өттү. Ушундай эле митинг 19-мартта Ала-Тоо аянтында да болгон.

23-мартта Президент Садыр Жапаровдун атына жазылган кайрылууда митингчилер Абхазиядагы каттоосу менен Кыргызстанда жүргөн жана Жапониядан сатып алынып жолдо келе жаткан оң рулдуу автоунааларды мыйзамдаштырууну, учурда айып аянтчасына токтотулгандарын бошотуп берүүнү өтүнүшкөн.

Ошондой эле алар Жапониядан оң рулдуу автоунааларды алып келүүгө уруксат берүү жагын карап көрүүнү суранышууда.

Уюштуруучулардын айтымында, Өкмөт үйүнүн алдындагы митингге 200дөй адам чогулган. Алардын бири маселени мындай ортого салды:

“Ишеним кат менен айдаса болот экен, деген сөзгө ишенип, 3-4 жылдан бери айдап жүрдүк. Бирок, камалып калган машинелер бар. Алардын ээлери такси айдап, ошол акчага балдарын багышат. Ооба, биз бул машинелерди билбей сатып алганбыз. Мыйзам бузулду. Бирок алдын ала эскертүү бербестен машинелерди камап салган туура эмес да”.

Чогулгандар менен жолуккан вице-премьер-министр Улугбек Кармышаков нааразылардын талабы ЕАЭБдин деңгээлинде чечилерин билдирди. Ошондой эле Кармышаков унаа токтотуучу жайга камалган Абхазиядан келген автоунааларды чыгаруу маселеси мыйзамдуу түрдө караларын айтты.

Ал арада Кыргызстандын мамлекеттик Бажы кызматы жарандарга Абхазиядан алып келинген унааларды сатып алуудан жана бажы каттоосунан өткөрбөй туруп пайдалануудан карманууга чакырууда. Маалыматта жазылгандай Абхазиядан ташылган унаалар ЕАЭБдин товары болуп эсептелбейт.

Абхазия аркылуу Кыргызстанга келген жапон машинелери

Кыргызстандагы жарнамалык сайттарда “Абхазия, Армениядан келген машинелер” деген билдирүүлөр көп кездешет. Сунушталган машинелердин дээрлик бардыгы Кыргызстандын аймагына алып кирүүгө тыюу салынган оң рулдуу автоунаалар. Бул багытта иштеген компаниялар да бар экен. Алардын бири менен байланышканыбызда автолор Абхазия, Армения аркылуу Жапониядан келе турганын билдирип, жол-жобосун мындай деп түшүндүрдү:

“Алгач кеңсеге келип мени менен тааныш. Андан кийин кандай машине керектигин, анын жылын, абалын талкуулайбыз. Автоунаа тандалгандан кийин сиз экөөбүз келишим түзүп, мага 300 доллар беришиңиз керек болот. Машине эки айдын ичинде келип калат. Биз аны Абхазия же Армения аркылуу алып келебиз. Документ боюнча маселе деле жаралбайт. Ошол номер менен эле айдап жүрө бересиз. Кеңсебизге келсеңиз жакшылап түшүндүрүп беребиз”.

Интернеттеги ондогон жарнамалардын бири
Интернеттеги ондогон жарнамалардын бири

Биз менен сүйлөшкөн адамдын айтымында, Жапониядан ташылган машиненин документтери Абхазияда жасалып, жергиликтүү тургундардын бирине катталат. Андан кийин автоунаага ээлик кылган адам машинени Орусиянын аймагына киргизип, ал жерден Кыргызстанга жиберилет.

Бирок Кыргызстандагы абхаз номери менен жүргөн автоунаалардын ээлери машинени өзүнө каттатып, башка бирөөгө сатып же болбосо убактылуу айдап турууга да бере албайт. Анткени Абхазиядан келген машинелер ЕАЭБдин товары болуп эсептелбейт. Бажы кызматынын басма сөз катчысы Жаманак Мүсүрканов буларды айтты:

Мамлекеттик Бажы кызматынын имараты
Мамлекеттик Бажы кызматынын имараты

“ЕАЭБдин Бажы кодексинин 264, 275-беренелерине ылайык Абхазиядан убактылуу алып келинген унааларды башка бирөөгө берүү жана ишеним кат менен сатуу мыйзамсыз. Машинени ЕАЭБдин аймагына киргизип жатканда убактылуу бажы декларациясы толтурулат. Бул документти бир жылдык мөөнөткө чейин алса болот. Бир жылдан кийин автоунааны ЕАЭБдин аймагынан чыгарып кетүү керек. Аны бир гана машиненин юридикалык ээси, башкача айтканда, Абхазия тургуну чыгара алат. Машинени Кыргызстанда айдап жүргөн жаран эч нерсе кыла албайт. Ал машиненин ээси болуп эсептелбейт".

16-марттан бери Мамлекеттик Бажы кызматы Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы (ЖКККБ) менен биргеликте рейд жүргүзүп, Абхазиядан унааларды мыйзамсыз алып келип, сатып жаткандарды тыюуга аракет кылып жатышат. Убактылуу бажы декларациясы жок же декларациясынын мөөнөтү өтүп кеткен 10 чакты автоунаа камакка алынган. Бажы кызматы аталган машинелер боюнча топтолгон материалдарды күч органдарына өткөрүп бергени белгилүү болду.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын өкүлү Тилек Оторов Абхазия, Армениядан келген машинелер боюнча дагы бир көйгөйгө токтолду:

Тилек Оторов
Тилек Оторов

“Бир гана Абхазия эмес, Армения, Орусия сыяктуу башка өлкөлөрдүн номуру менен жүргөн автоунаалар боюнча маселе бар. Анткени алар Кыргызстандын жаранына катталган эмес. "Коопсуз шаар" алардын эреже бузуусун каттаганы менен, айып пулду кимге жиберишти билбейбиз. Анткени алардын ээси Кыргызстандын жараны эмес. Ар кандай айдоочулар кездешет. Башка жактан келген машинелерди айдап жүргөндөрдүн арасында жол эрежесин сактагандар жана камераларды көзгө илбегендер дагы бар".

Абхазияны өзүнчө мамлекет катары дүйнөнүн көпчүлүк өлкөлөрү, анын ичинен Кыргызстан да тааныган эмес.

Айдоочулардын талабы кандай?

Борбордук Ала-Тоо аянтында 19-мартта Абхазиядан ташылган машине ээлери чогулуп, нааразылык билдирип чыгышты. Алар бийликке кайрылып, абхаз номуру менен жүргөн автоунааларын каттоону талап кылышууда. Журналисттердин билдирүүсүндө, акцияга 50дөй жаран катышты. Өзүн Нурлан деп тааныштырган адам буга чейин Абхазиядан машине ташып иштегенин айтып, бийликтен бул маселени чечим берүүнү өтүндү:

“Көпчүлүгүбүздө маалымат жок болуп калды. Анткени Бажы кызматы машинелер келе баштаганда дароо маалымат беришкен эмес. Биздин маалыматыбыз боюнча, Кыргызстанга Абхазиядан жети миңден ашуун машине кирген. Мисалы, Садыр Жапаров экономикалык амнистия жарыялап, мамлекеттин байлыгына кол салган ууруларга жеңилдик берип жатат. Биз аларга салыштырмалуу ууру эмеспиз. Абхазиядан келген машинелерди карапайым адамдар алат. Биздин арабызда капчыктуулар жок. Биздин маселени чечип беришин өтүнөбүз. Айдап жүргөн машинелерди эмне кылмак элек?”.

Мамлекеттик Бажы кызматы Кыргызстанга Абхазия аркылуу келген автоунаалардын саны белгисиз экенин билдирүүдө. Бирок андай номурлуу машинелер Кыргызстандын аймагында, өзгөчө Бишкек шаарында көп кездешет.

Абхаз номуру менен Кыргызстандын аймагында жүргөн машинелердин бири.
Абхаз номуру менен Кыргызстандын аймагында жүргөн машинелердин бири.


Кыргызстан ЕАЭБге мүчө болгон 2015-жылдан баштап оң рулдуу машинелерди алып кирүүгө тыюу салынган. Андан бери бир нече ирет коррупциялык схема менен тыштан оң рулдуу автоунааларды алып кирүү аракеттери катталган.

Жарандык активист Урмат Казакбаев соңку жылдары Кыргызстандын автопаркы эскирип кеткенин айтып, буга ЕАЭБдин курамына кошулуу себеп болду деп эсептейт.

Урмат Казакбаев
Урмат Казакбаев

“Орусияда куралган же жасалган 2019-2020-жылкы машинеге караганда жапондордун 2010-жылкы машинеси мыкты. Биз азыркы учурда Орусиянын эски, беш-алты жыл таксиде иштетилген машинелерин айдап калдык. Бул көрүнүш абанын булганышына дагы таасир этип жатат. Жок дегенде оң рулдуу гибрид унааларга уруксат беришсе болмок. Анын үстүнө автоунаалардын баасы дагы өстү. Жыйынтыгында биздин жарандар ар кандай жол менен машинелерди ташып келе баштады. Бүгүнкү пайда болгон маселе дагы ушул чектөөлөрдүн жыйынтыгы".

Мамлекеттик каттоо кызматынын маалыматына караганда Кыргызстанда бир миллиондон ашык автоунаа бар. Анын ичинен 188 миңи оң рулдуу экени айтылып келет.

Абхазия 1992-жылы Грузиядан бөлүнүп өз алдынчалыгын жарыялаган мамлекет. Москва Абхазияны көз карандысыз мамлекет катары тааныган. Бирок, Орусиянын мындай чечимин дүйнөдөгү саналуу өлкөлөр гана колдогон.

Абхазияны өзүнчө мамлекет катары дүйнөнүн көпчүлүк мамлекеттери, анын ичинен Кыргызстан да тааныган эмес.

  • 16x9 Image

    Айбек Бийбосунов

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. 2015-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

     

XS
SM
MD
LG