Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:49

Factcheck: Жапаров дагы бир кудасына кызмат берген


Кыргызстанда Курманбек Бакиев бийликте турганда непотизмге каршы чыккандардын ураандарынын бири. Архивдик сүрөт.
Кыргызстанда Курманбек Бакиев бийликте турганда непотизмге каршы чыккандардын ураандарынын бири. Архивдик сүрөт.

Factcheck.kg интернет-басылмасы октябрь айынын этегинде Садыр Жапаровдун дагы бир кудасы жогорку кызматка дайындалганын таап чыкты.

Быйыл 21-октябрда президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров өкмөткө караштуу Мамлекеттик миграция кызматынын төрагалыгына Таштанбек Каймазаровду дайындаган. Басылманын иликтөөсү боюнча бул адам - Садыр Жапаровдун бир тууган эжеси Райкүл Жапарованын кудасы.

Буга чейин Factcheck.kg Садыр Жапаровдун башка бир эжеси Акат Жапарованын жолдошу Таалайбек Түмөнбаевдин бир тууган иниси Турусбек Түмөнбаев Мамкаттоого караштуу «Унаа» мамлекеттик ишканасынын башчылыгына дайындалганын жарыялаган.

Президенттин милдетин аткаруучунун басма сөз катчысы Галина Байтерек бул кадрдык дайындоолордун бардыгы убактылуу экенин айтып, алар кийин алмаша турганын билдирди. Саясат талдоочулар системалык кадр саясаты иштелип чыкмайынча, тууганчылык байланыштар аркылуу дайындоо улантыла бере турганын белгилешти.

Кудалардын «кызматтык жарышы»

Кыргызстандагы аткаминерлердин киреше-чыгашасын, мүлкүн жана бийликтеги байланыштарын иликтөөгө адистешкен Factcheck.kg интернет-басылмасы быйыл 21-октябрда дайындалган Мамлекеттик миграциялык кызматтын төрагасы Таштанбек Каймазаровдун Садыр Жапаров менен тууганчылык байланышын таап чыкканын жарыялады.

Басылма бул адам Садыр Жапаровдун бир тууган эжеси Райкүл Жапарованын кудасы экенин, анын кызы Айгерим Канатбекова Таштанбек Каймазаровдун уулу Санжар Каймазаровдун жубайы экенин социалдык тармактардагы ачык булактар аркылуу аныктаган. Басылма буга чейин ошол эле датада Садыр Жапаровдун башка бир эжеси Акат Жапарованын бир тууган кайниси Турусбек Түмөнбаев Мамлекеттик каттоо кызматына караштуу «Унаа» мамлекеттик ишканасынын жетекчилигине дайындалганын жазып чыккан.

Factcheck.kg интернет-басылмасынын башкы редактору Болот Темиров жаңыдан кызматка келген аткаминерлердин ишмердигин иликтөө учурунда аталган эки жетекчинин ири тууганчылык байланыштары чыгып калганын белгиледи:

Болот Темиров.
Болот Темиров.

«Биз негизи жаңыдан кызматка дайындалган кызмат адамдарынын ишмердигин иликтеп, карап чыгабыз. Алардын мүлкү тууралуу маалыматтарды чогултуп, киреше-чыгашалары тууралуу салык декларацияларын текшерип, мурдагы кызматтардагы ишмердигин иликтеп чыгып, бийликтеги кызыкчылык байланыштарын издейбиз. Текшерүү учурунда ошол жетекчилер тууралуу ушундай маалыматтар чыгып калды. Биз коомдук кызыкчылыкты көздөп, мындай маалыматтарды элге жеткирип турушубуз абзел. 21-октябрда ошол учурдагы президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаровдун колу менен ошол эки жетекчи бир күндө дайындалганын аныктадык. Бирок Каймазаровдун дайындоосу тууралуу маалыматты өкмөттүн сайтына чыгарбай коюшкан экен. Ал эми «Унаа» мамлекеттик ишканасынын жетекчиси тууралуу маалымат ачык жарыяланыптыр. Биз бул кудалар тууралуу маалыматтарды Интернеттеги социалдык тармактардан таап, изилдеп чыгып, анан өзүбүздүн ишенимдүү булактар аркылуу тактап алып, анан жарыялап жатабыз».

Экинчи куданын «эпкини»

БШКнын маалыматына ылайык, Таштанбек Каймазаров өткөн парламенттик шайлоого «Мекенчил» партиясынын тизмеси менен катышкан. Бул партиянын негиздөөчүлөрүнүн катарында Садыр Жапаровдун бир тууган эжеси Райкүл Жапарованын жубайы Канатбек Курманов жана анын агасы Сабыр Жапаровдун уулу Азат Жапаров бар.

Таштанбек Каймазаров Дене тарбия институтун бүтүрүп, кийин КМУУнун юрист - укук таануучу адистиги боюнча билим алганы өкмөттүн сайтында көрсөтүлгөн. Ошондой эле Таштанбек Каймазаров ички иштер органдарында көп жыл кызмат өтөп, кийин пенсияга чыкканы өмүр баянында көрсөтүлгөн.

Мамлекеттик миграция кызматынын басма сөз катчысы Назгүл Сатаркулова жаңы жетекчини дайындоо тууралуу маалымат ачык эле жарыяланганын айтып, анын ишмердиги менен өмүр баяны мекеменин сайтында илинип турганын айтты:

«Бул кишини дайындоо боюнча буйрук быйыл 19-октябрда чыккан. Ал маалымат коомчулукка ачык эле жарыя болгон. Ошол кездеги вице-премьер-министр Аида Исмаилова бул кишини дайындоо тууралуу буйрукту окуп, аны эмгек жамаатына тааныштырып кеткен. Бул тууралуу алгач өкмөттүн сайтына жарыяланып, анан биздин сайтка деле чыккан. Анан эмнеге «бул маалымат жашырылган» деп жазып жатышканын билбейм. Таштанбек Каймазаров бир топ жыл милицияда эмгектенип, көптөгөн мамлекеттик сыйлыктарга ээ болгон».

Шашылыш кадрдык жүрүштөр

«Таштанбек Каймазаров чоң кызматка Садыр Жапаров менен болгон тууганчылык байланышы аркылуу келгенби же башка себептер барбы?» деген суроого жооп алыш үчүн ал кишинин өзү менен байланышууга мүмкүн болбоду. Ал эми footballfacts.ru сайтынын маалыматына ылайык, Таштанбек Каймазаров 90-жылдары Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасында төрт беттеш өткөрүп, ар кандай футболдук клубдардын жогорку лигасында ойногон. National-football-teams.com сайты анын кесипкөй футболчу экенин маалымдайт.

Президенттин милдетин аткаруучунун басма сөз катчысы Галина Байтерек Садыр Жапаров шашылыш учурда ишенимдүү деген адамдарды кызматка дайындашы мүмкүн экенин айтып, бирок бул кадрдык жүрүштөрдүн бардыгы убактылуу экенин белгиледи:

Галина Байтерек.
Галина Байтерек.

«Садыр Нургожоевич өзү парламентте суроолорго жооп берип жатып, бул кадрдык дайындоолор убактылуу экенин айткан. Анткени өзүңүздөр билгендей, ошол учурда ошондой шашылыш чечим кабыл ала турган учур болду. Мүмкүн ал өзүнүн тааныштарына, буга чейин ишенимдүү деген адамдарга таянып, аларды кайсы бир кызматтарга дайындады. Бирок мунун бардыгы убактылуу экенин жана алардын бардыгы кийин алмаша турганын эскерткен жайы бар. Ошондуктан кийин тиешелүү кызматтарга дайындоо атайын комиссиялар аркылуу же парламент аркылуу жүрүшү мүмкүн».

Ыймандуу бийде тууган жок...

Буга чейин Садыр Жапаров президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр катары Ош облусуна иш сапары менен барып, жергиликтүү актив менен жолугушууда анын жаңылануу саясатына тоскоолдук жүрүп жатканын билдирген.

Садыр Жапаров партиялык башкарууга ыктаган саясий күчтөр «таяке-жээн, дос-тамыр» деген кадр саясатын уланта берүүнү көздөп жатышканын айтып, андай аракеттерди өзү да сынга алган болчу:

«Бут тосуу абдан күч. «Дагы эле баягы эле системада калалы, партиялык башкаруу болсун, анан кийин парламентке келип ушинтип, мамлекетти үчкө бөлүп алып, таяке-жээн, тууган-урук, жоро-жолдошторду бийлик бутактарына алып келип алмай деген системаны калтыралы» дегендер катуу бут тосушууда. Бирок биз «андай системадан кетели, жаңы система түзөлү» деп жатабыз. Ар бир министрликке, ар бир агентикке, ар бир мамлекеттик комитетке же башка бир мамлекеттик мекеме-уюмдарга өзүнүн адистиги менен иштей ала тургандар гана келсин деп жатабыз. Биз ошондо гана өнүгөбүз».

Ошол эле кезде саясат талдоочу, Башкаруу академиясынын ректору Алмазбек Акматалиев жогорку кызматка тууганчылык байланыштар аркылуу дайындоону токтотуш үчүн туруктуу кадр саясатын иштеп чыгуу зарыл деп эсептейт. Анын айтымында, бийликтеги непотизмди жана кызыкчылыктар кагылышын мыйзам менен ооздуктап, ага чектөөнү күчөтсө болот.

Алмазбек Акматалиев.
Алмазбек Акматалиев.

«Кудаларбы же досторбу, аны ошолордун өздөрүнөн сурагыла, - деп комментарий берди ал. - Мен болсо мамлекеттик башкаруу тутуму боюнча адис катары кадр саясатын иштеп чыгуунун жолун гана айта алам. Непотизм, кызыкчылыктар кагылышы сыяктуу нерселердин бардыгын чектөөнү мен айтып жаткан системанын ичине киргизүү керек. Моралдык-этикалык нерселерди деле мыйзамдаштырып, чектеп, чараларын иштеп чыкса болот. Андай кылмайынча, кадр саясаты жакшы болбойт. Оңолбой жүрө берет. Биз туруктуу, так, ачык-айкын кадр саясатын иштеп чыгып, иш жүзүнө ашыра баштаганда гана кудасы болобу, таанышы болобу же тааныш эмес эле бөлөк-бөтөн бирөө болобу, алардын бардыгы ачык сынактар аркылуу кызматка келип, жөндөмүнө жараша иштей башташат. Ошондо гана натыйжалуу башкаруу жүрөт».

Кыргызстанда буга чейинки президенттер уул-кыздары, жубайлары, инилери, кудалары жана өкүл уулдары сыяктуу илик-чатыштары мамлекеттик башкарууга келип алып, үй-бүлөлүк кландык башкарууга жол бергени коомчулукта нааразылык жаратканы белгилүү.

XS
SM
MD
LG