Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
шейшемби, 10-декабрь, 2019 Бишкек убактысы 03:56

Тууганчылык үчүн «туйлаган» коррупция


Иллюстрациялык сүрөт.

«Азаттык» радиосу жемкорлукка каршы күрөштү күчөтүү боюнча жарыялаган сынакка келип түшкөн материалдарды жарыялоону улантат.

Кыргызстан канткенде коррупциясы жок 50, 30 же 10 мамлекеттин катарына кире алат? Мамлекеттик башкаруунун ачык-айкындыгын кандай жол менен камсыз кылса болот? Өлкөдө коррупциясыз, мыйзамга гана баш ийген системаны түзүүгө эмне тоскоол болуп жатат? Бийлик адамдарынын коррупция менен күрөшүү тууралуу билдирүүлөрү жана жасаган аракеттери жетиштүүбү?

Кадырман мекендеш, жемкорлуктан арылуу тууралуу сизди да түйшөлткөн ой бардыр. Коомдук илдетке айланган коррупцияны жок кылуу тууралуу сунушуңуз, башка өлкөлөрдүн өрнөктүү мисалдары болсо, кыска-нуска жана түшүнүктүү баяндап, видео же текст түрүндө azattyk.synak@gmail.com ​электрондук дарегине жөнөтүңүз.

«Мен коррупцияга каршымын!» сынагынын алкагында Айбек Аширбаев жиберген сунуш.

Элибиз эгемендик алгандан бери этегине жабышып, кое бергиси келбей, бекем кармап келе жаткан коррупциянын кесири күн сайын баарыбызга тийүүдө. Бул нерседен арылыш үчүн өлкөбүз акыркы 30 жыл ичинде бир топ аракет кылса да, эң коррупциялашкан мамлекеттердин катарын толуктап келет. Быйылкы жылдын башында дүйнө өлкөлөрүндөгү коррупцияны иликтеген «Transparency International» уюму жарыялаган баяндамасында Кыргызстан 180 өлкөнүн ичинен 132-орунга жайгашкан. Демек, журтубуз паракорлуктун баткагына баткан 50 өлкөнүн катарын толуктайт.

Кудай буюруп, жогорку окуу жайында окуп, замандын агымы менен кошо агып, заманбап илимден сугарылуу насип кылыптыр. Бул үчүн ата-энеме чексиз ыраазымын. Бүт муктаждыктарымды толуктап келе жатышат. Насип кылса, алган акылды пайдаланып, өлкөмө, эли-жерибизге ак кызмат кылып, эң башкысы атам менен апамдын сыймыктанган, жүзүн жер каратпаган уулу болсом дейм. Бирок азыртадан өз кесибимдин мыктысы болуу мага жетиштүү эместей көрүнө баштады. Дегеним, алаканга салгандай саналуу элибизди сүрүштүрө келсең баары бири-бирине тууган болуп чыга келет. Ал эми дал ушул «тууганчылык маселеси» алдыдагы жашоодо бир топ кыйынчылык жаратчудай.

Тууганчылык абдан сонун нерсе. Жакшылык-жамандыкта жалгыз калбайсың. Бирок көпчүлүк учурда бул нерсени жеке кызыкчылыкка пайдалана кеткенибиз кайра эле өнүгүүгө жол бербей, кендирди кесет.

Айтайын дегеним, желгенине жел жетпей бараткан жемкорлуктун тамырынын чоңоюшу тууганчылыкты туу туткандыгыбыздын башкы себеби десек жаңылыштык болбос. Анткени көпчүлүгүбүз ишибиз оңунан чыкпай баратса, эптеп туңгуюктан чыгаруучу бирөөнү издей баштайбыз. Дал ошол маалда «тартарды таяке, бөдөнөнү бөлө кылуу» адатыбыз тутуп калат. Паракорлукту пайдаланып, пайдубалыбызды бекемдөө менен бирге паранжы жамынган паанек издеп баштайбыз. Жеке пайдабызга оогон жемден жей баштасак, анда иштин өлгөнү.

Тилекке каршы, учурда мындай көрүнүштөр кадимки адатка айланды. Бирөө менен сүйлөшө келсең алгач кайсы жердин кулуну экениңди же урууңду сурайт. Андай учурда алган билимиң, шык-жөндөмүң экинчи планга түшөт. Алдыңдан чыккан айсбергдей болгон маселени же тууганчылык менен же кызылдай акча менен эритесиң. Эч качан өзүбүзгө ишенбей, өзгөнүн өбөлгөсү менен жеп тойсок, анда өлкө кандай уулдарына ишенет? Жеке ишмердигибизди жең ичинен тааныш-билиш аркылуу бүтүрүүнү улантсак алыска барбайбыз. Анткени азыртадан баштап, жеке өзүмдүн алыс-жакын туугандарым «убагы келгенде жардам бересиң», «инилериңди окууга өткөрөсүң», «андыктан тааныш арттыра бер» деп кулак кагышат.

Туубаса да тутунган туугандардын көбөйүшү айрыкча сен жогору жакка жете баштаганда сезилет. Андыктан бул илдеттен аз да болсо арылыш үчүн мамлекеттик кызматкерлерди өз туулган жерине кызматка койбош керек. Албетте, баарыбыз Кыргызстандын жараныбыз. Жерибиздин ар бир карыш жери ардактуу. Ошол себептен кимдир-бирөөнү кызматка дайындоодо башка дубанга жиберүү зарыл. Тактап айтканда, аскердик кызматтардагы дайындоо сымал, көчүп-конуп кызматын кылса, барган жеринде тууган-туушканы болбой, таза иштейби деген изги тилек. Ал эми эгер өз облусуңда же райондо жумушка дайындалсаң, өзүңдүкүлөргө тарта бересиң. Анткени тууганчылыктын тузу таттуу болот эмеспи.

Мындан сырткары, башка жакка дайындалсаң өз казаныңда кайнай бербей, башка дубанда да кандай маселе бар экенин билип, чечүүнүн жолдорун издейсиң. Бөлүүнүчүлүк да жоюлат. Белгиленген убакытта берилген милдетиңди баралына жеткире аткарып, бардык облуста кызмат кылып, көйгөйүн көрүп чыксаң, убагы келип өлкө башчысы болгондо да кыйналбайсың. Ар бир жерге жараша алгылыктуу реформаларды жасап, орго түртпөй, өргө тарта тургандардын катарын толуктайсың.

Убагында туугандарынын тостойгон, жалдыраган көздөрүн кыя албай, өз көмөчүнө күл тартып, элинин каарына калган эки өлкө башчысын көрдүк. Бирок сабак ала элекпиз. Андыктан жогоруда айтылган ыкманы пайдалансак, жемкорлуктагы жек жааттар азаймак. Паракорлук башыбызда айланган парбана болбойт эле.

Көмүскө кирешеден «көшөгөсү көгөргөн» коррупция

Жемкорлуктун жеп жиберчүдөй болуп, жемирип келе жатышынын дагы бир башаты көмүскө кирешеге барып такалат. Анткени жергебиздеги орто жана кичи ишканалардын басымдуу бөлүгү жашыруун иштейт. Же пайдасын ачык көрсөтпөйт. Бир жылдык кирешесин, жумушчулардын санын ачык айтуудан алыс болушат. Буга реформадан өтпөгөн салыктын самсаалаган түрлөрү түрткү болуп келүүдө. Себеби, салык өлкөнүн казынасын толуктап турчу негизги булак катары каралат.

Бирок ишкерликтеги пайдаң 8 миллион сомдон ашса кошумча нарк салыгы, соодадан алынуучу салык, киреше салыгы, мындан сырткары социалдык фондго төлөнүүчү салык топтолгондо, ишкер баш-аягын таппай карбаластап калат. Ал учурда ишкер жаак жапты кылып, жең ичинен пара берип ишин улантат же ишканасын чоңойтпой, кирешесин 8 миллион сомдон ашыра койбой, башка ишкана ачып иштете берет. Анткени былтыркы жылы өлкө казынасына 6 миллиардай сом акча түшпөй калган. Качан өлкө кошумча эпсиз салыктарды жойгондо жең ичинен сойлогон акча жалпыбыздын керегибизге жарамак. Ансыз деле ал кызыл кагаздар көрүнбөгөн капчыктарга кирүүдө.

Жыйынтыктап айтканда, арам акчанын арышы алыска алып барбайт. Алгач таттуу болот. Аягы ачуу болот. Катуудан казан калтырбай, көзүңө көрүнгөндү карактасаң да, кылгандарың каймакка куймак куйгандай көрүнсө да, казаның коюу кайнаган кезде да кези келип, кепке кемтик болоруңду, калктын кылапаты кара башыңды каптап каларын унутпасак...

Айбек Аширбаев

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (33)

XS
SM
MD
LG