Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:32

Туура бийде тууган жок...


Бишкек.
Бишкек.

«Миңсанат» түрмөгүнүн бул жолку чыгарылышында залкар акындарыбыз Чоңду Койчуман уулу менен Эсенаман Жалгаш уулунун санаттарынан сунуш кылабыз.

Чечендик өнөрдү байыркы Египетте, Кытайда искусство катары баалашкан. Айрыкча Грекияда, Афиныда ал өрүш алып өркүндөгөн. Сүйлөй билген адамдардын эл ичиндеги кадыр-баркы өсүп турган. Ар бир акылман элдин оозунан сөзү куюлган ак таңдай чечендери болот. Чечендикке мүнөздүү белгилер сөздү кемелине келтире сүйлөй билгендик менен бирге эле акылмандык, даанышмандык, логикасынын дааналыгы болгон.

Илгери чоң эле киши айылда акылдуу деп аты чыга баштаган жаш балага атайылап келип:

- Мен сага бир нече суроо берейин. Жооп берсең чын эле акылдуу экениңе ишенейин, - дейт.

Бала:

- Жооп бергенге даярмын, аба, сураңыз? - дейт.

Тигил киши:

- Кандай сууда балык болбойт? Кандай жерде таш болбойт? Кандай жыгачта бутак болбойт? - деп сурайт.

Ошондо бала:

- Булактын суусунда балык болбойт. Кумдуу жерде таш болбойт. Чирик жыгачта бутак болбойт, - деп жооп берген экен...

* * *

Байыртан эле эл башкарган эстүү падышалар чечен адамдарды мамлекет аралык мамилеге же азыркы тил менен айтканда дипломатиялык иштерге пайдаланып келишкен. Эл менен эл жоолашканда же мамлекеттик кайсы бир чоң маселелерди чечүүгө келгенде дал ошондой оозунда сөзү бар, акылы терең, чечен адамдар зор роль ойногон. Манастын жанында ар дайым тилмеч катары 60 тил билген Ажыбай жүргөн.

Көл аймагынан чыккан Тилекмат чечендин сөз билгилигин, акылмандыгын айтсак жетиштүү болор. Эзелтен эл башкарган адамдардын эл алдындагы кадыр-баркын, кол алдындагылардын падышага, бийликке болгон ишенимин, коңшулаш элдерге атак-даңкын дал ошол Тилекматтай сөз баккан, сөз сүйлөй билген, жашоо-турмуштун ак-карасын баалай билген, алдыны көрө билген, калыстыгы менен даңкы чыккан адамдар көтөрүп келишкен.

* * *

Дүйнөдөгү дипломатиялык институттардын башаты дал ошол элдик чечендик өнөрдө жатат. Өнүккөн өлкөлөрдүн кадыр-баркы менен таасирин, башка өлкөлөр менен мамилесин көп жагынан дал ушундай тубаса чечендик касиети бар адамдар аныктап, таанытып, даңазалап келген. Тилекке каршы биз бул жагынан да бечаралыктын бечелдигинен бери чыга албай келатабыз...

Журналист Флетчер Кнебел деген адам «Дипломатия деген каргысы даяр болгуча ажаан итти жонунан сылап, жоошутуп турган искусство» десе, АКШнын мамлекеттик ишмери, 24-мамлекеттик катчысы Уильям Генри Сьюард «бирөөлөр адамдарын чет өлкөгө дипломат кылып мамлекетиме пайдасы тийет деп жөнөтсө, бирөөлөр адамдарын чет өлкөгө бийлигиме зыяны тийет деп жөнөтөт» деген.

Ал эми грек жазуучусу Поливиос Димитракопулос «дипломатия болбогон жерде согуш башталат» деп айткан. Эмне себептен Баткендин башы жаңжалдан арылбай келатканын эстеп койгула.

* * *

Элибизде Алдар Көсөө, Жээренче чечен, Акыл Карачач, Толубай сынчы, Санчы сынчы дегендердин, Ысык-Көл аймагынан чыккан касиеттүү жети акенин жана башкалардын тарыхта даңкы калган.

Алдар Көсөө жолдо келатып Шайтанга жолугуп калат. Анан экөө алтын таап алышат. «Мен биринчи таптым» деп талаша кетип, анан жашы улуусу алмай болот. Кезекти Көсөө алып, Шайтандын жашын сураса:

- Мен деген Жер бүтө электе, Ай аяктай, Тоо томуктай, Күн күрөктөй экенинде төрөлгөнмүн, - деп жооп берет. Аны угары менен Көсөө өңгүрөп ыйлап жиберет. Шайтан:

- Эмнеге ыйлап жатасың? - десе:

- Ошол так сен төрөлгөн маалда менин алты жаштагы балам өлүп калган,-деп айтканда, шашып кеткен Шайтан:

- Сен менден улуу турбайсыңбы, - деп алтынды Көсөөгө карматып жолуна түшкөн деген уламыш жазылып калган.

* * *

Эми чечен киши бийликтин атынан элдердин ортосундагы татаал маселелерди дипломатиялык жол менен чече билген акылман болгон дегенибизге далил кылып, Тилекмат чечендин акылмандыгын айкын көрсөткөн бир окуясын эзелкиден баяндай кетели.

Кокондуктар Ысык-Көлдүн элин өзүнө каратууга Тамганын алкымына жасоо куруп, бугу элин алык-салык берип турууга буйрук кылат. Эл эчен ирет элчилерин жиберген менен пайда чыкпайт, элчилер кеткен бойдон дайынсыз жок болушат. Анан акырында Тилекмат чеченди жөнөтүшөт. Кокондун ошол кездеги ханы Кудаяр Тилекматты экинчи күнү кабыл алып:

- И-и, сен ким болосуң? - дейт.

- Мен Тилекмат, атам Жылкыайдар, Белек хандын небереси болом. Биз кыргыз деген мал баккан, башкаларга сугун артпай жай жаткан элбиз. Элибизден кут кетпеген, бет алды береке качпаган. Жерибиздин чегин жоо баспасын деп найзага үкү таккан элбиз. Душманга багынбаган, думана болуп байлыкка жалынбаган, колум чоң дегендерге кошомат кылып жагынбаган, досун сактай билген, даамын, тузун актай билген, аша чаап, элге азап салган хан чыкса ордосун таптай билген элбиз. Атабыз Манас, чабышсаң чабышканга келгенбиз, сен кабылан болсоң, мен арыстан, алышканга келгенбиз. Биз Кокон ханына карабайбыз, бирок мал, пул сурасаң аябайбыз. Ата-бабам жердеген жер менен элди эч кимге суратпайм, өзүм сурайм, - деп жооп бергенде ыраазы болгон Кудаяр хан:

- Балам, жаңы үйрөткөн жаш тулпар экенсиң, айткан сөзүңө уюдум. Жакасы болсо тон, жалы болсо ат деген, - деп, Тилекматка кандык чен тон, күмүш күбөсү бар кымкап чепкен кийгизип, мурунку элчилердин баарын бошоттуруп, баштагы алган зекеттеринин баарын кайтарып берип, жакшылап узаткан экен.

* * *

Бир кезде «Азаттыктан» далай ирет айткан элек, дагы эле айтып келатабыз. Бирок ушуга дейре уккан жан болбоду. Демек жакшы акылдын кереги жок деген жыйынтык чыгат. Айталы дегенибиз: киргенде эле Ак үйдүн бетинде Кыргызстанды 30 жылдан бери бийлеп, ушул акыбалга алып келгендердин сүрөттөрү илинип турат го, «бизди көрүп алгыла!» дегенсип... Ошол сүрөттөрдүн ордуна атактуу жети акенин, андан мурункулар менен андан кийинки чечендерибиздин ташка тамга баскандай таамай сөздөрүн жазып койсок жаман болбойт эле.

Мисалы, Ак үйгө кире бергенде эле, бет маңдайыңда, күндүзү жаркырап, күүгүм кирери менен күйүп тургандай кылып: «Туура бийде тууган жок, туугандуу бийде ыйман жок» деген сөздү жазып койсок, ушул эле сөз лифтке түшкөндө лифттин ичинде да болуп, 7-кабатка жеткенге чейин коштоп барып, 7-кабатта да илинип турса, маркум Төлөгөн Касымбековдун «Сынган кылычындагы» Шералынын чокоюндай болуп, бийликке келген адамдардын оюна: «Мен ким элем, ким болдум?» дегенди эстерине салып турбайт беле? - деп айтып келебиз.

* * *

Атаганат колдон келсе Ак үйгө да, Көк үйгө да, деги эле эл кызматындагы мекемелерге мына бул сөздөрдү өчкүс кылып жазып койбойт белек:

Карызга курулган экономика кагаз үйгө окшош.

* * *

Бегиң бек болмоюн, чегиң чеп болбойт.

* * *

Бала менен кол узарат, пара менен чоң узарат, бада менен жол узарат.

* * *

Кожо жолдон чыкса, коом колдон чыгат.

* * *

Мыйзамчысы молдо болсо, парламенти ажы болот.

* * *

Ак Үй да Кудайга окшош, арыз-муңуңду угат, бирок унчукпайт.

* * *

Сот колунан өлгөн мыйзамга жаназа түшпөйт.

* * *

Кошоматы көп элдин азаматы кор болот.

* * *

Өсчү калк күндө өзүм дейт, өччү калк күндө өзүн жейт.

* * *

Эски жол СССРдин мүрзөсүнө алып барат.

* * *

Өлкөнүн кайгысын тарткан элден бөлкөнүн кайгысын тарткан эл коркунучтуу.

* * *

Кулдукта намыс болбойт, кудукта балык болбойт.

* * *

Мамлекети жакыр малай болот, көкүрөгү жакыр орой болот.

* * *

Бөктөргү кушту учкан жейт,

Бөлүнгөн журтту душман жейт, - деп...

Ошондо Кыргызстанга келген чет элдик делегациянын өкүлдөрү да сурайт эле да: «Бул эмне деген жазуулар?» деп, ошондо аларга которуп, түшүндүрүп беришмек, маанисин уккан чет элдиктер кайтып барганда «Кыргыз деген укмуштай эл бар экен, ушундай сөздөрдү жазып коюшат экен. Анан ошол сөздөрүндөгүдөй таза иштешет экен» деп айта жүрбөйт беле, атаганат деп... кыялданасың, ойлоносуң. Атаганат, азыр деле кеч эмес эле. Мен бүгүнкү чечендер тууралуу баянымды Акаев качкандан кийин жазып... бирок, Бакиевден берки президенттерибиз бийликке келген сайын ар бирине окуп берип келаткан өзүмдүн сиздерге белгилүү мына бул ырым менен аяктайын.

Падышалар жолду эч качан көрүшпөйт,

Көрөйүн дейт, жандагандар көнүшпөйт.

Жолду көрбөй жок болушат акыры,

Жолду көргөн падышалар өлүшпөйт.

Керек болсо ушул ырды да жазып койсо же телеканалдардан күн сайын эстерине салып турса эмне үчүн болбосун?

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG