Линктер

жума, 26-апрель, 2019 Бишкек убактысы 00:23

«Капсалаң доор. Карга аке» – заманбап роман


Алтынай Темирова.

Жазуучу Айдарбек Сарманбетовдун 2018-жылы жарык көргөн «Капсалаң доор. Карга аке» романы кийинки эгемен жылдары көп жазылып жаткан тарыхый романдардын ичинен темасы менен эле дароо көзгө урунат.

Элибизде белгилүү даанышман адамдын өзгөчө ысымынан баштап анын өтөлгөлүү, өтө кызыктуу өмүр баяны, ошол доордогу курч тарыхый окуялар, тарыхый бейнелер, элибиздеги бир топ баалуу руханий-салттуу баалуулуктардын камтылышы менен да өзүнө тартат.

Бир чети тарыхый-биографиялык, бир чети тарыхый-коомдук, социалдык жана документалдуулук жактары айкын көрүнүп турган бул романда санжыргалуу өткөн бир доордун толук картинасы, тарыхта аттын кашкасындай белгилүү адамдардын ишмердүүлүгү жана коомдогу алган орду менен жетик ачылган.

Көл аймагы менен жалпы кыргыз элинин эле эмес, коңшу элдердин да жашоо-тиричилиги жана ал-абалы, өз ара мамилелери, карым-катнаш, кулк-мүнөзү, андагы оригиналдуу көрүнүштөр, айрым бир күтүүсүз окуялар, эл арасында маселдетип айтылып калган аскиялуу маектер кыска-нуска мыкты берилген. Мисалы: «...имиш сөзгө байлап, аны сарт атап, кемсинтет. Аны уккан Кебек бий:

– Ичи аланы сырты бүтүн алат, жону бузулган элди жону бүтүн эл алат, күчтүү хан күчсүз ханга көнүп берчү беле? Көпчүлүктүн айткан тилин албай, сен Садыр, элдин канына забын болмок болдуң. Башың баш, багалчагың кара таш, тээжик! – деп, кол шилтей жөнөп кетет.

Сөзү кайткан Кебек бий Жайыл менен Момоконго келип:

– Садыр тилимди албады, опурулуп. Элдин убалына калмак болду. Силер жогору, биз тарапка көчкүлө, өлсөк бир чуңкурда, тирүү болсок бир дөбөдө бололук, – деп экөөнө кайрылат.– Эмне болсун, эрдигинен солто өлдү, эси жоктугунан куубилек менен колпоч өлдү! – дейт, ындыны өчүп».

«…Аларды да Абылай дарга тарттырарынын алдында «кыргыздар кыйын сезген Жайыл баатырынын мизин кайтарайын, аны уккан элинин жүрөгү өлсүн» деген кекселик менен маскаралап, ага кесилген иттин башын табакка салып тарттырат. Ошондо баатыр жаңы мууздалып, каны тамчылаган иттин башын кесилген жеринен аткый тиштеп:

– Бөрү тукумуна итиңер кеппи, далай иттин башын жегенбиз, кана, дагы алып келгиле дөбөтүңөрдүн башын! – деп, бети-башын кызыл жаян канга батыра баштан аткый тиштеп алып, табак тарткан казак жигиттерге ыргытат! Муну уккан Абылай:

– Кеп таркай электе дарга тарткыла! – деп жаалданат…»

«…Момокондун эски досу Жоогач досун ажалга кыя албай, Абылайга:

– Ханым, бир досумдун канын бериңиз? – деп суранып барат. Жортуулу ийги болуп, кушубак тартып турган Абылай айкөлдөнө:

– Бердим. Бирөө болсо ала бергин, – деп жиберет...»

Көрүнүп тургандай бул жерде эки элдин чоң тарыхый драмасынын арты канчалык трагедиялуу, канчалык сабак аларлык да, нускалуу да!.. Канчалык эрегишип, эрдигинин артын куру намыска алдырып жеңилип аткан болсо да, мурунку түбөлүктүү келаткан боордоштук, достугун кече албай, хан алдында тайманбай өмүрүн сурап аткан достун баалуулугу канчалык дейсиз!..

Андан да таң калыштуусу окуянын ары жагында уланат:

«Досунун жанын сактап калдым деп сүйүнгөн Жоогач колу-буту кыл аркан менен байланып жаткан Момоконго жетип келип:

– Досум, сенин башыңды Абылайдан сурап алдым. Эли-жериңе кете берсең болот, – деп сүйүнчүлөйт. Момокон кубангандын ордуна кайра түнөрүп:

– Мени тим кой, Сарткул өлтүрө берсин, артымдагы жети аялымдан туулган балдарым жоктошот, ажалдан коркпойм. Андан көрөк колуңдан келсе менин ордума агам Жайылды аман алып кал, элибизге баш-көз болсун. Сага айтаар керээзим ошол, – деп өтүнүч кылат.

Досунун айтканынан кайтпай турган мүнөзүн жакшы билген Жоогач анын суранычын кыя албай Жайылга барып, иниси менен болгон сөздү айтат. Бутунан чынжырланып, иттин башын жеп, бети-башы канжалаган Жайыл баатыр карыса да кайраттуу:

– Инимдин кан досу экенсиң, жакшылыгыңа ырахмат. Эми мен жашаарымды жашадым, көрөрүмдү көрдүм. Абылай айтканына турса «жан алмашты» деп улуу балам Үсөндү аман алып кал. Ордумду жоктотпой, инилерин карап алсын, – дейт кебелбей. Жайыл баатыр айткандай Жоогач Үсөнгө барса, ал:

– Жарыкчылыкта жашаганга не жетсин! Ажалым алам десе да каниет, жаман да болсо артымда балдарым калды. Тукумум үзүлө койбос. Андан көрөк али үйлөнө элек иним Итикени аман алып кал», - дейт...

Адамзат тарыхындагы эң баалуу сапаттар, эң ыйык мамилелер жана түбөлүктүүлүктүн түгөнбөс символу болгон бийик адамгерчилик, б.а. элибиздеги гуманизм мына ушундай курч, тарыхый окуялар менен бекемделет. Ооздон-оозго айтылып, эл ичинде аңыз болуп калган мындай өлбөс сапаттар эл ичинде дайым айтылып келген жана бу көркөм чыгармадан да өз ордун таап отурат.

Мына ушундай капсалаң доордо жашаган Карга аке алгач калмак баскынчылыгынан алсыраган эл менен кошо сүрүлүп, бир жагынан Кокон хандыгынын, Кытайдын кысымын көрүп кооптонуп жашаганын, андан соң казак-кыргыз чабышып, бугу-сарыбагыш уруулары чабышып, айтор, ички ынтымагы да ыдырагандан, далай окуялардын башы элдин эсин оодарганы себеп боло – акыры баш калка болор күчтүү өлкө издеп Орусияга элчи жибере башташканы ынанымдуу айтылат.

«Кудайдын бергени угулбайт, жалгаганы туюлбайт экен. Көрсө, жер жабырын казган билип, калк кадырын азган билет тура, жол катуусун баскан билип, жан таттуусун качкан, жылдыздын сырын асман, жылкынын сырын баккан билет турбайбы...» Мына ушундай эң сонун нукура, чулу сөздөрү менен элдик накылдын алтын казынасына айланган Карга акенин табияты, жан-дүйнөсү романдагы бейнесине жараша фразеологизмдерге толуп турат.

Автор аларды кылдат жана өз орду менен колдонгон, арадан 300 жыл өтүп кеткен мындай белгилүү каармандын эл ичинде унутулуп бараткан учкул ой, накыл сөздөрүн кайрадан жандантып, автордук жеке ой табылгаларын кошуп, улам байытып жүрүп отурган. Балким автордун ушундай баалуу жеке ой жүгүртүүсү менен чыгарманын заманбаптыгы ого бетер арта түшкөндүр:

«Башчы жаңылса баарынын жаңылганы, балаага кабылганы. Эгерим өзүмчүл болбосун. Өзүмчүл – өрттөн жаман. Өзүмчүлдүн өчү көп болот, журт бузулат. Ынтымак, ырк кетет. Тазаны тандайлы.

Ар уруу элди курап ал,

Адилет карап сурап ал.

Көп элди көп экен деп көкөлөтпө,

Көп элге аз элиңди чөгөлөтпө.

Бирин ашынта мактап,

Экинчисин басынта мактаба.

Узун карап тең сана,

Убайга салбай кең кара.

Айтканың жерде калбасын,

Канатың карып талбасын.

Жүрөгүң кабында болсун,

Акылың табында болсун.

Сен – түндүк, биз уукпуз,

Бирде жылуу, бирде суукпуз.

Акылдуунун акылы жугат,

Акылсыздын кесири жугат».

Актуалдуулугу азыр да ай жарыгындай кашкайып турган бул саптар өткөн замандардан бизге белек сезилсе да, «кайталагандан намаз бузулбайт» дегендей, мындай накыл сөздөр эне тилибиздин эле байлыгы эмес, жан-дүйнө, рухубуздун байлыгы, ата-бабалардан келаткан акыл казынабыздын тереңдиги, кенендиги... Көркөм жазма адабиятыбыздагы Карга аке жөнүндөгү ушул романдын эң башкы идеяларынын бири. Калемгердин көркөм табылгалары.

Адабияттын тарых илими менен болгон зор байланышын тастыктаган «Капсалаң доор. Карга аке» романынын дагы бир баалуу жагы - андагы этнографиялык, менталитеттик баяндамалар. Өткөн доордогу элибиздин кулк-мүнөз, жашоо-тиричилигин гана эмес, ички маданиятын, салт-санаа, жүрүм-турумун, саясий, социалдык жана экономикалык жагдайларын да ачып бергенинде.

Албетте, көрүнүп тургандай тарыхый роман катары бул романда да элдик оозеки адабияттагы мотивдер кеңири колдонулган: санжыра, түш көрүү, керээз, кошок, ж.б. Ошолордун ичинде кээ бир салттык-мистикалык көрүнүштөр өзүнчө таң каларлык: М.; Карга аке төрөлөрдө апасынын жолунан ак жылан чыкканы жана анын уругуна ошондон кийин жылан өлтүрбөө адат болгону; Ал төрөлгөндө ат коюу расмисиндеги окуяда: «...келгендердин ар кимиси ар кайсыл атты айтып, маанисин чечмелеп, божурап олту­рушканда капысынан алар олтурган боз үйдүн түндүгүнө карга учуп келип, конуп, каркылдай туруп калат. Ошол эле жерден Мендегул:

– Болду! Болду! Кудайым өзү аян кылды. Ба­ламдын өмүрү карга кушунукундай узак болот экен, кабыл кылсын. Баламдын аты Карга! Ба­таңарды бергиле?» – деп, жанбүдөө түшүп ка­лат. Бу, карга эмнеге дал ушул наристе төрөлгөн үйдүн түндүгүнө конуп калды? Үй үстүнө кончу эмес эле го? Жөн жеринен эмес...» – дешет келгендер. Чынында эле Карга аке 110 жашка чыгыптыр...

Карга акенин акыл байымдуулугуна чек жок. Айылдагы бир келиндин муңдуу кошогу көңүлүн буруп, аны угуп, жаттап келип айтып берүүгө куйма кулак бирөөнү жиберет да, аны уккан соң: «Бу кошоктун төркүнү башкада тура, – деп жанындагыларга башын көтөрдү. – Кыйды кай­нене катаал болсо, байкуш келиндин тагдыры татаал болот. Көрсө, жаштайында үч жаштагы баласы менен жесир калып, муңга батып турга­ны аз келгенсип, кайын энеси келиндин бетин тилдирип, алдына жошолуу аркан салдырып, бе­лине шириден боочу байлаткан тура! Түгөйүнөн калган жалгыз туякты кыя албай, муң-зары Ку­дайга жетип турган келиндин тагдыры кейиште экен. Сырттан асалаган болуп, келиндин өмүрү­нө шыпаа болбосо, ал тирүүлөй өлүмгө кириптер болгону калыптыр», – деп кейийт.

Кейип эле тим калбай, ал үйгө барып шордуу келиндин тагдырына арачы түшөт: «Дайрага кеме керек, балага болсо эне керек. Ке­линиңер муңканса, неберенин жүрөгү сыздайт. Келиниңердин алдындагы арканын алып, көл­дөлөң төшөгүлө. Белиндеги ширини кестирип, жибек жоолук байлагыла. Ошондо уулуңардын арбагы ыраазы болот, силерге. Уул-келин экөөнү Кудай кошкон. Түгөйүнө түтпөйт, келиндин эч айыбы жок. Колунан келсе силерден мурда тү­гөйүн кайрып алмак. Жаман жорук баштап, өл­гөндүн үстүнө көмгөн кылбагыла, кандай дейсиз, байбиче? – дегенде кемпир:

– Айткандарыңызда айып жок, бий жигит. Бирок, бизде күйөөсү өлгөн жесирдин бет тытка­ны адет. Азасын аркан менен тартат, муңду шири менен артат. Антпесе, «чындап аза тартпады» деп эл-журт жаман кеп кылат. Баламдан келин ар­тык эмес. Салтты тутпаган келиндин өлүмү кейиш эмес, – деп, акылдуусунган бейтааныш мей­манды жактырбай кагынат.

Ошондо үйдүн ээси ордунан жаалдана атып туруп кемпирине атырылды: – Акылсыз, айбан! Баарын билгизбей, ичтен иритип жаткан сен турбайсыңбы! Мындай кара ­баскыр кааданы кайдан таап алгансың? Бу, мей­мандын айткан сөздөрү мээңе жеткен жокпу, ко­куйгүн? Келинден айланып кеткир келес, боору таш мерес. Балабыздан айрылганыбыз аз келген­сип эми айыпсыз келинден, уулубуздун жалгыз туягы болгон неберебизден айрылып калалык­пы? Коколой калып, кор болбойбузбу! Кудай ке­чирбес! Баскыла, меймандын айтканын аткаргы­ла! – деп, жарданып турушкан келин-кесектерге буйра сүйлөп, ачуу азага батып турса да келген­дерден кемпири үчүн кечирим сурады». Бул эпизоддогу мындай сейрек табылга автордун чоң ийгилиги.

Ушуга улай эле гендерлик темада автордун дагы бир чоң табылгасын айта кетсек болот. Муну окуп атып, бүгүнкү күндө ушу Карга акедей ар тараптуу акылман, даанышман адам коомубузда кандай гана жетишпей жатканын баамдоого болот: «...ар бир сөздүн дем-күчү, аркасында айтылбаган сыры болот эмеспи. Бул өз кылыгын өзү аңдай албаган пенделерге эмне демек, бар­дыгы айкын көрүнүп турбайбы. Эбепке-себеп дегендей баары адам көңүлүнө жараша болот эмеспи. Акка ак, карага кара кайтарыларын билишсе боло. Какылдаган карооз кемпир сүт­төй таза келинин кемсинтип, күнү-түнү жеми­рип-жеп жатып, такыр басынтып салган тура. Анан жашоосуна нааразы келиндин бала жара­тууга кантип ниети чапсын?

Күйөөсү да сырты­нан болпойгону менен энесиндей көр жеме, жоон билек көрүнөт. Келиндин сол билегинде канта­лап, көгөргөн колдун тагы ошонуку, «төрөбөйсүң» деп же башкага жөнсүз кинелеп сабаса керек. Жеңин тартып, көгала билегин улам жашырып коёт, шордуу келин. Ушундай карооз кайын эне­ге, чоң муштум, сыйлабас эркекке кандай аял­дын көөнү бурулуп, балалуу кылгысы келсин? Булардан көпөлөктөй көңүлү уча качкан тура, келиндин. «Кетемин» деп шашымыш болгону ме­нен анысын унутуп, жаагы тынбаган кемпирден тажагандай болгон Карга аке о бир топтон кийин сөздү бузуп жиберди:

– Тим эле укпай, аткарам дегиле...

– Аткаралык...

– Сиз айткандай болсун...

– Анда мындай: айтылган сөз – Кудайдын ку­лагында. – Карга аке үнүн олуттуу чыгара сөзүн улады, – «Жамгыр менен жер көгөрөт, бата ме­нен эл көгөрөт» деген экен, касиеттүү аталары­быз. Келиниңизден небере көргүңүз келсе сиз, байбиче, көр жемеңизди коюңуз. Айтылган сөз – атылган ок, маңыз сөздөрүңүз менен бе­чара келиниңиздеги өсчү үрөндү түйүлтпөй ту­руп өзүңүз өлтүрүп коюп жатыптырсыз. Мын­дан нары келиниңиздин көңүлүн калтырбаңыз, кызыңыздай сыйлап көтөрүңүз, үрөн да жого­руда айтылган батадай жайлуу жерден өнүп-өсөт. Көңүл деген көпөлөктөй, үрксө уча качат, андан адам жаны тукурап, соолот.

- Бул сөз ба­лам, сага да тийиштүү. – Карга аке соргок жи­гитке бурулду, – Байкасам, карылуу, улак тар­тыш, эр оодарышка түшүп жүргөн жарамдуу жигит көрүнөсүң. Анан улактай болгон кели­нди кагып-согуп, нары-бери сүйрөсөң кайдагы бала жаралмак? Эсиңе келгин, кеч болуп кала элегинде. Өз үрөнүңдү өзүң ичтен соолтуп коюп жатпайсыңбы! Балалуу болмоктун, бапырап жа­шоонун – баарынын башаты көңүлдөн, сыйдан болот. Көңүлү тынч, турмушуна ыраазы, сый-ур­мат көргөн аялдан жакшы бала жаралат. Сыйга – сый деген ошол. Сен сыйлап турсаң аялың сени эселеп сыйлайт. Сыйлабасаң ичинен ирип, жатыны кургайт, ушинтип... Кудай кошкон, ак никелүү өмүрлүк жарды кордоо – чоң күнөө, ай­банчылык. Небере, бала көрөбүз деген ниетиңер болсо Кудай алдындагы жана мага берген шер­тиңерди аткаргыла...»

«– Ал эми келиним, сага айтарым: кек сактаба. Кечи­римдүү бол. Кекчилдин өз жаны кыйналат. Ага­рып-көгөрөрүң өзүңдөн болот. Кайын энең менен күйөөңдүн койгон күнөөсү балада экен, балка­нактай бала төрөп берсең багың ачылат. Кудай­дан тиле. Биз – шыпаа бололук, – деп алаканын жайды...»

Карга акенин ар бир айткан осуят сөздөрү - аруулуктун өзгөчө үрөнүн сепкен, кайсыл заман болсо да эң зарыл турмуштук энциклопедия, өзүнчө философиялык тезистер: «Жамандыкка жамандык жасоо – пас адамдын иши. Сен өзүң жамандыктан бийик болгун...»; «Кимдин кандайлыгы чабыла тийген камчыдай кайрылып, өзүнө ачуу тиет, бу дүйнөдө. Ар элдин, адам баласынын алгы үмүтү, ырыскысы болот. Андан айрып, караниеттик жа­саган оңбойт. Айкөлгө – дүйнө да айкөл.» «Ажал – аласа, өмүр – бересе турбайбы, аттиң! «Кары­лык жашына келип, касиет күтпөгөн карыдан түңүл», дегениң – карылыкта күтө алган акыл, нарк белем...» Мына, кыргыз элинин, алтургай жалпы адамзатынын рухий өзөк-дөөлөттөрү!

Бирок, «Бири кем дүйнө!» – ушундай даанышман адамдын баласы да жаңылыптыр...

«Карга бий күнөө баласында экендигине ичинен катуу кайгырып, сыртынан салабаттуу, карарып:

– Аттиң! «Ичтен чыккан ийри жылан» деген ушул тура, мындай бала менде жок деп койгу­ла. «Кары кайтса кадыр, жаш кайтса жабыр» деген, карачечекей балама канчалык кабыр­гам кайышып турганы менен калыстык, намыс мени көзгө сайгылап турбайбы. Кантип таям?! Же, карттанып калган эски жаратыбыз кайра­дан кабылдап, калмак-кыргыз кайта баштан кан төгүшсүнбү?! Жетишет!.. Балам анын курманды­гы болсун! «Жамандын жанын сактаганча, жак­шынын кадырын сакта» деген... Мындан кийин бу баламын атын мага оозанчу болбогула. Анын айынан элдер чабышпасын!» – деген экен.

Бул, эл ичинде ушул кезге чейин аңыз болуп айтылып калган окуя айтылуу Курманжан Даткага чейин - бир кылымдан ашык убакыт мурда болгону менен да таң калтырат. Демек, мындай нускалуу, теңдешсиз мекенчил жорук кыргыз элинде эзелтен боло келген улуттук менталитет экендигин жазуучу ачып бергени менен да бул чыгарма айырмаланып турат.

Кыргыздардын калмак жапырыгына чейинки географиялык аймактарын, ата конуштарын сүрөттөө да романда кыска-нуска так берилип, кийинки коңшу элдер менен чабыштардын жана Орусияга элчи жиберүүнүн негизги себептеринин бири катары каралат:

«Мурда жайлап жүргөн Иленин башын, Арал­ды кыргыздар бизге бергиле десе казактар малга жайлуу жерлерди бергиси келбей, каршы болот. Ал тургай Таластан Шымкентке чейинки мурда­гы кыргыз жерлерин кайырып бергиле десе да казак тарап көнбөйт».

«Жортуулдап келе жат­кан Абылай хан Ташкентти каратып алат. Чабышпай, чечишип алалык деген ойдо ал кыр­гыздарга кишисин жиберет. Ошол кезде түндүк элин Эсенгул бийлегени менен ар уруунун өз бий­лери болгон.

Калган уруулар да кеңешип, өз өкүлдөрүн ко­шуп, Ташкентке кыргыздан кырк элчи барышат».

«...Түлөберди «ак үйлүү элчи» болуп жүр­гөн кезинде Канай деген уулдуу болуп, казактардын ар бир жүзүндө бир жылдан туруп, өз аргасын таппай жүргөнүнө карабай колго түшкөн кыргыздардын кыйласын туткундан кут­карат. Көпчүлүгү Сары-Аркада кала беришкен. Казак журтунун түндүк тарабында азыркы кез­де «жаңы кыргыз», «бай кыргыз» деп аталыш­кан кыргыздар ошолор...»

«...Он жыл өтө элек, Кокон­дун ханы Алимди Омар деген бир тууган ини­си бала-бакырасы менен мууздатып, өзү хан бо­луп алганы айтканымды ырастап турат. Кан коё бербейт дейт, Алимдин өзү дал ошондой ит өлүм тапканына мына, үч жыл гана болду. Ушундай хандык бизге жакшылык кылмак беле?!

«...Өөдөдө өбөк, ылдыйда жөлөк, жоо келсе кол сунушуп, коргоп калар шерик элди да тандап алып, аны күтүү озуйпасы бышып турга­нын унутпайлык. Жалгыз болсок жапа тартары­быз бышык, туш тарабыбыздан бизге көз артып тургандар көп. Ушуну да ойлойлук, бир чечим­ге келип, кай тарапты калканыч кыларыбызды, алар менен канткенде теңата боло аларыбызды да аныктап алалык...»

Анын өз заманындагы жаштарга айткан акыл-насааты бүгүнкү күндөгү ар кыл муундарга да эң керектүү нуска, зарылдыктар десек болот:

«Бу жалганда шумкардын өзү боло албасаң да анын канаты же куйругу бол, балам. Кандай куш болбосун – канаты менен учуп, куйругу менен конот. Бирине бири себеп, эриш-аркак болбой эч бир иш жылбайт. Биригип иш кылгандар гана бийикке чыга алат. Акылгөй адам – чачылганды бириктирет, акылсыз – адам­ды качырып, жиниктирет. Эси бар киши – кеп­ке келбеген кежирди да эпке келтирет. Кимге болбосун, жылуу сөздүү болгула».

Мындай касиеттүү адамдын өлүмү да өзгөчөлүү болуптур. «Кыш күрөөдө кырк күн музга тоңдуруп койгула» деген Карга акенин өзүнүн керээзин орундап, балдары үстүнө аязда суу куюп тоңдуруп коюп күн жылыганда бардык каада-салты менен жерге берген экен. Аны кошкон небереси Аруукенин кошогу да өзүнчө бир көркөмдүк.

Ошентип, бул тарыхый романдагы көтөрүлгөн жаңы идеялар: Карга акенин элибизди биримдикке жана бүтүндүккө чакырган түбөлүктүү осуят-насааттарынын бүгүнкү күндө да эң актуалдуу, күчүндө болуп кайрадан жаңырып турганы. Өткөн доорлордон өөрчүгөн дипломатиялык мамилелердин бүгүн да жашап аткандыгы. Элдин ички жана тышкы саясаты жана маданияты, тарыхый орду так дааналанган. Ошол доорлордо да эл ичинде гендердик, укуктук саясаттын болгондугу, алардын бүгүнкү күндө да өөрчүп, уланып келатканы айкындалат...

Бул идеялардын баарын автор көркөм-эстетикалык табылгалар, изденүүлөр менен оригиналдуу, кээ жерде таң каларлык таасирдүү курч окуялар, кайталангыс эпизоддор менен берген. Романда үч кылым мурдагы капсалаңдуу доор, татаал тарых баяндалганы менен анда камтылган маани-маңызы боюнча заманбап, баарыга зарыл, нускалуу чыгарма. Бул, адам акылмандыгын, даанышмандыгын даңазалаган сейрек чыгармада ошол доордун каармандарынын кѳз карашын жана сезим-кыялдарын баяндоо жагы да адабий жанрды документалдуулук менен санжыра-тарыхка жуурулуштуруп, оозеки адабияттын табиятынын салттуу жактары менен жетик шөкөттөгөнү романдын көркөм баалуулугун арттырып, айырмалантып турат. Ошондон улам ал – заманбап, улуу-кичүүгө бирдей зарыл чыгарма.

Алтынай Темирова, акын, адабиятчы, котормочу

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG