Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:40

Убактылуу күбөлүктүн убарасы


Айдоочулук күбөлүк алуу үчүн кезекте тургандар. 24-декабрь, 2019-жыл.
Айдоочулук күбөлүк алуу үчүн кезекте тургандар. 24-декабрь, 2019-жыл.

Өкмөт айдоочунун убактылуу күбөлүгүнүн жарактуу мөөнөтүн дагы узартканы жатат. Ал арада убактылуу берилген күбөлүктөрдү оригиналга алмаштыруу иштери узун кезек менен коштолууда.

Жарандар жумалап документ ала албай убара болуп, күн сайын жүздөгөн киши кезек күтүп жатышканын айтып арызданышты. «Унаа» мамлекеттик ишканасы болсо айдоочулук күбөлүктөрдү берүү үчүн кошумча тейлөө жайлары ачылып, кызматкерлер дем алышсыз иштеп жатканын билдирүүдө.

Исрадин Жыргалбек уулу эки күндөн бери буга чейин алган убактылуу айдоочулук күбөлүгүн оригиналга алмаштыра албай жүрөт. Автоунааны жана айдоочулук курамды каттоо боюнча Бишкек шаардык бөлүмүндө ушул эле маселеге даттангандар көп. Алардын арасында автоунаанын техникалык паспортун алмаштыра албай жаткандар да бар.

- Айдоочулук күбөлүк 5-октябрда эле бериле баштамак. Бирок мамлекеттик органдар аны кечиктиришти. 23-декабрда күбөлүк алыш үчүн 600-700дөй киши кезекте турду. Тополоң болуп бул жерге батпай калдык. Кезек жетпей, бүгүн да келдим. 23-декабрда 344-болуп жазылгам. Бүгүн болсо 192-болуп жазылдым. Айдоочулук күбөлүк керек болгондуктан айла жок күтүп отурабыз.

«Унаа» мамлекеттик ишканасы жайгашкан имарат.
«Унаа» мамлекеттик ишканасы жайгашкан имарат.

23-декабрда Автоунааны жана айдоочулук курамды каттоо боюнча Бишкек шаардык бөлүмүндө кезектин көптүгүнөн адамдар бири-бирин түртүшүп жаткан видеотасма тараган. 24-декабрда аталган бөлүмгө барганыбызда 23-декабрга салыштырмалуу анчалык көп кезекти көргөн жокпуз. Бирок документин жумалап бүтүрө албай жүргөн адамдар арызданышты.

Ушул эле имаратта жайгашкан «Унаа» мамлекеттик ишканасы айдоочулук күбөлүктөргө байланыштуу аягы көрүнбөгөн кезек болуп жатканын ырастады. Мекеменин маалыматына караганда, күнүнө 2 миңден ашык арыз түшүп жатат. Анын ичинен 1500ү убактылуу айдоочулук күбөлүктөрдү алмаштыруу боюнча, ал эми 500ү жаңы алуу үчүн берилген арыздар.

Ушундан улам айдоочулук күбөлүктү алуу жана берүү боюнча жалпы-жонунан төрт тейлөө жайы иштеп жатат. Автоунааны жана айдоочулук курамды каттоо боюнча шаардык бөлүмгө танапташ жайгашкан жердеги тейлөө борборунда кезек көп экен. Убактылуу айдоочулук күбөлүгүн алмаштырууга келген шаар тургуну Аскат Тойчубеков бийлик документ берүү ишин ырааттуу уюштура албаганын сындады.

- Күбөлүк бериш үчүн бир-эки эле киши иштеп жатат. Ушул жерге он кишини отургузганда жарандарды тез тейлеп кезек болмок эмес. Азыр болсо ызы-чуу. Талашып-тартышып, 500-болуп кезекке турдум. Бийлик айдоочулук күбөлүктүн маселесин чече албай жатса башкаларын айтпай деле коёбуз го.

Айдоочулук күбөлүк алуу үчүн кезекте тургандар. 24-декабрь, 2019-жыл.
Айдоочулук күбөлүк алуу үчүн кезекте тургандар. 24-декабрь, 2019-жыл.

Кезекте тургандар бийлик тастыктамаларды берүү автоматташтырылып, документтерди алуу жеңилдетилди дегени менен өлкөдө санариптештирүү саясаты көзгө көрүнбөй жатканын айтышты. Документ ала албай жаткан Улукбек Жапаркулов буларды айтты:

- Мен ушул жерде 9:30дан бери отурам. Кезекке туруш үчүн эки саат кетти. Бизге кыйын эле болуп жатат. Мен айдоочулук күбөлүктү алыш үчүн жумуштан да калып, үч жумадан бери чуркап жүрөм.

Ал эми «Унаа» мамлекеттик ишканасы узун кезек күтүүнү буга чейин берилген айдоочунун убактылуу күбөлүгүнүн саны менен байланыштырды. Маалымат боюнча, жарандарга баш-аягы 56 миң убактылуу күбөлүк берилген. Учурда алардын канчасы алмаштырылып бүткөнү тууралуу так маалымат жок.

Буга байланыштуу «Унаа» ишканасы өкмөткө убактылуу айдоочулук күбөлүктөрдүн жарактуу мөөнөтүн 2020-жылдын 15-февралына чейин узартууну сунуштады. Ал колдоо тапса убактылуу күбөлүктөрдүн мөөнөтү ушуну менен үчүнчү жолу артка жылдырылат. Аталган компаниянын жетекчисинин орун басары Самат Насирдинов сөз болуп жаткан маселе боюнча комментарий берди.

- Бул сунуш учурда өкмөттө каралып жатат. Жарандар убактылуу айдоочулук күбөлүктөрдүн жарактуу мөөнөтү жаңы жылга чейин эле, машине кымбаттайт деп эле дүрбөп кетти. Машине мурда кандай тартип менен катталса ошондой эле тартип, ошондой эле төлөм менен катталат, - деди Насирдинов.

Айдоочулук күбөлүк алуу үчүн кезекте тургандар. 24-декабрь, 2019-жыл.
Айдоочулук күбөлүк алуу үчүн кезекте тургандар. 24-декабрь, 2019-жыл.

Мамлекеттик каттоо кызматы жаңы үлгүдөгү айдоочулук күбөлүктөрдү декабрдын башынан тарта бере баштады. Жергиликтүү айдоочулук күбөлүктү даярдоо боюнча август айында өткөн тендерди Казакстандын Улуттук банкынын карамагындагы Банкноттук фабрика уткан. Ал эми эл аралык үлгүдөгү айдоочулук күбөлүктөрдү басып чыгаруу боюнча тендердин жеңүүчүсү деп атамекендик «Гознак» жоопкерчилиги чектелген коому табылган.

Расмий маалымат боюнча мурда улуттук үлгүдөгү күбөлүктүн бланктары 925 сом (12 евро) турчу, азыр алардын баасы 100 сом 86 тыйын. Эл аралык үлгүдөгү айдоочулук күбөлүктүн бланкынын баасы 577 сомдон (7,5 евро) 52 сомго чейин арзандады.

Кыргызстанда 2011-жылдан тарта айдоочулук күбөлүк менен автоунаанын техникалык паспортун даярдоочу бланктар менен камсыз кылуу укугуна «Атлас Крипт» деп аталган, Кыргызстанда катталган компания ээ болгон. Бул компания сегиз жыл ичинде 13 миллион еврого айдоочулук күбөлүк жана 12 миллион еврого техникалык паспорт даярдаган.

Быйыл жыл башында өкмөт атайын токтом кабыл алып, паспорт, айдоочулук күбөлүк сыяктуу өзгөчө корголуучу документтерден башкаларын мамлекеттик басмаканада басууга милдеттендирген.

Күбөлүк күткөндөрдүн кезеги узун
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:05 0:00

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG