Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:18

ЕБ жана АКШ Бирмадагы аскердик хунтанын жетекчилерине санкция салды


Бирмадагы демонстрациялардан бир көрүнүш
Бирмадагы демонстрациялардан бир көрүнүш

Европа Биримдиги жана АКШ Бирмада аскердик төңкөрүш жасаган хунтанын жетекчилерине санкция киргизди. Расмий Брюссель 22-мартта жарыялаган санкцияга аскердик хунтанын башчысы Мин Аун Хлаин баш болгон тогуз жетекчи жана өлкөнүн Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы кирди. Алар визалык чектөөлөргө туш болуп, четтеги банктардагы жана башка активдери камакка алынат. Буга чейин алардын көпчүлүгү АКШнын санкциясына илинген. Бул ирет тизмеге Бирманын полициясынын башчысы, атайын операциялардын жетекчиси жана башка адамдар кошулду.

Бирмада быйыл 1-февралда аскерлер жарандык бийликти кулатып, Нобел сыйлыгынын ээси Аун Сан Су Чжи баш болгон жетекчилерди камакка алган. 75 жаштагы Чжиге бир нече берене боюнча айып тагылууда. Андан бери өлкөдө жарандар демократиялык режимди колдогон демонстрацияларды өткөрүүдө. Демонстрацияларды басуу үчүн аскерлер жайкын тургундарга ок атып, акыркы эсеп боюнча 250дөй адам набыт болду. 2500дөн ашык адам камакка алынды.

Бирманын оппозициячыл күчтөрү жана дүйнө коомчулугу аскердик хунтадан өлкөдөгү мыйзамдуу жарандык бийликти тез арада калыбына келтирүүнү, абакта жаткандарды дароо бошотууну талап кылууда.

XS
SM
MD
LG