Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:19

Жогорку сот Салянованын «лицензия» иши боюнча өкүмдү жокко чыгарды


Аида Салянова
Аида Салянова

Жогорку сот Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясынын узартылышына байланыштуу мурдагы баш прокурор Аида Салянованын ишин кайра карап, мурдагы чечимдерди жокко чыгарды.

Бул тууралуу Салянова «Азаттыкка» кабарлады. Анын айтымында, Жогорку Соттун чечимине ылайык иш эми Ленин райондук сотуна кайра кароого жөнөтүлдү.

Салянова «2010-жылы юстиция министринин милдетин аткарып турганда мурдагы президенттин уулу Максим Бакиевдин өнөктөшү Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын мыйзамсыз узарткан жана бул ишти жетиштүү иликтеген эмес» деген негизде айыпталган. 2017-жылы Бишкектин Ленин райондук соту аны 5 жылга эркинен ажыратып, үй-мүлкүн конфискациялоо тууралуу чечим чыгарган. Жазаны экс-прокурор кызы 14 жашка толгондон кийин өтөй турган болгон. Соттун бул чечимин кийинки инстанциялар да күчүндө калтырган.

Буга чейин Аида Салянованын адвокаттары жаңы жагдайлар боюнча ишти кайрадан кароону өтүнүп, Жогорку сотко кайрылышкан. Дал ушул ишти башкы сот 23-мартта карап, мурдагы чечимдерди жокко чыгарды.

Аида Салянованын кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулушу боюнча дагы бир кылмыш иши учурда Бишкектин Свердлов райондук сотунун кароосунда турат.

Ал 2011-2015-жылы Башкы прокурор, 2010-жылы Юстиция министри болуп иштеген. Жогорку Кеңешке «Ата Мекен» партиясынан депутат болгон.

XS
SM
MD
LG