Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:03

Жерүйдө тамакка ууланды делген жумушчулардын анализдери чыкты


Жерүй алтын кени
Жерүй алтын кени

Бул тууралуу Талас облустук санитардык жана эпимедиологиялык көзөмөл борборунун башкы дарыгери Чолпон Сагындыкова билдирди. Анын айтымында, ооруканага кайрылган Жерүйдүн жумушчулары тапшырган анализдердин жыйынтыктарында уулануунун белгилери болгон эмес:

“Бул факты 18-мартта катталыптыр, бизге маалымат кеч жетип 20-мартта барып текшердик. 15 кызматкердин үчөөнөн анализ алдык, калгандары жумуш ордуларында экен. Жыйынтыгы кадимки эле ич өткөк (гастроэнтероколит) болгону аныкталды. Буга так себебин айта албайм, анткени жасалган тамактар эреже боюнча муздаткычта 3 күн сакталган эмес. Эгер сакталганда ошол тамактар текшерилмек”.

21-мартта «Фейсбуктун» колдонуучусу Султанбек Аманбеков Жерүй кенинде 18 адам тамакка ууланганын жазган. Ал кызматкерлер жумуштан чыгып калуудан коркуп эч кимге айтпай жаткандыгын билдирген.

Жерүй кенин иштеткен «Альянс алтын» компаниясы 22-мартта бул тууралуу «Фейсбуктагы» баракчасы аркылуу түшүндүрмө тараткан. Ишкананын маалыматы боюнча, 20-мартта компаниянын медициналык кызматкерлерине ден соолугуна байланыштуу өзүн начар сезип 15 адам кайрылган. Алардан анализдер алынып Таластын санэпидстанциясына жөнөтүлгөнү кабарланган.

Президент Садыр Жапаров менен Орусиянын президенти Владимир Путин 17-мартта Таластагы Жерүй кенинин алтын иштетүүчү комбинатын ачкан​. Орусиянын лидери жана ВТБ банктын башчысы Андрей Костин бул иш-чарага телекөпүрө форматында онлайн катышкан болчу.

2015-жылы кен иштетүү укугу аукциондун негизинде 100 миллион долларга сатылган. Мындай укук «Орус платинасы» компаниясына таандык «Восток геолдобыча» ишканасына тийген. Анын карамагында «Альянс алтын» ишканасы түзүлгөн. Компаниянын аталган кенди иштетүүгө укук берген лицензиясы 2035-жылга чейинки мөөнөткө берилген.

Таластагы Жерүй алтын кени 1969-жылы чалгындалган. Көлөмү боюнча Кыргызстанда Кумтөрдөн кийинки 2-орунда турат. Геологиялык баштапкы иликтөөлөргө ылайык кенде 84 тонна алтын, 25 тоннадан ашуун күмүштүн запасы бар. (MKu/MiK)

XS
SM
MD
LG