Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:00

Шыкмаматов: Ишкерликти "муунткан" беренелер жоюлууда


Алмамбет Шыкмаматов.
Алмамбет Шыкмаматов.

Кыргызстанда ишкерлерди жоопко тартуу механизмдери жеңилдетилип жатат. Бул тууралуу 23-мартта “Азаттык” радиосуна Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо агенттигинин жетекчиси Алмамбет Шыкмаматов билдирди.

Анын айтымында, учурда агенттик мыйзам долбоорлорун, стратегиялык документтерди жана келечекте кабыл алына турган саясий чечимдерди иштеп чыгууда:

“Азыркы өндүрүштөгү кылмыш иштерин карасак, “бизнести муунтуп жатат, кыйнап жатат” деп үстөккө-босток сөз болууда. Ошонун баары Жазык кодексиндеги лицензияга, салыкка жана башкаларга тийиштүү алты эле берене. Ошол беренелердин баары Жазык кодексинен алынып, башка макамга ээ болуп, эгерде мамлекеттин бизнеске карата салык, акциздик маркалар же башка боюнча доосу болсо ал иштер жарандык тартипте гана каралат. Ошондо ишкерлерде “түрмөгө камайт, тинтүү жүргүзөт, качам”, деген сөз болбойт”.

Шыкмаматов тийиштүү мыйзамдар бир-эки айда кабыл алынганы жатканын билдирди.

Премьер-министр Улукбек Марипов 17-мартта акыркы эки айда ишкерлерге 140 кылмыш иши козголгонун айткан. Президент Садыр Жапаров андан мурдараак эки жарлыгын ишкерликти коргоого арнаган.

Жакында Бишкекте иштеген түрк ишкерлеринин бири интернет аркылуу видео кайрылуу жасап, Кыргызстанда иштөө мүмкүн болбой калганына даттанганы коомчулукта бул маселе боюнча кызуу талкуу жараткан. (RK)

XS
SM
MD
LG