Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:15

COVID-19: Вирус дагы 75 адамдан табылды, каза болгондор катталган жок


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын бүгүнкү, 23-марттагы маалыматына караганда, кечээтен бери Кыргызстанда бул вирус 75 адамдан аныкталды, каза болгондор катталган жок.

Оору жаңы аныкталгандардын эң көбү Бишкек шаарында (56) жана Чүй облусунда (12).

Өлкөдө оору жуккандардын жалпы саны 87 537ге жетти, каза болгондор - 1490 адам.

Бир күндө 51 адам айыгып чыкты.

Коронавирус жуккан медицина кызматкерлеринин жалпы саны 4221 адамга жетти, алардын 4195и айыгып чыкты. Соңку күндө бул оору бир дарыгерден табылды.

Кыргызстанда 2020-жылдын март айынын этегинде башталган эпидемия июль айында курчуп, көп киши каза болгон. Сентябрдын башында каза болгондор катталбай калган. Оорунун экинчи толкуну октябрда башталган. (RK)

XS
SM
MD
LG