Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:40

Каниметов: Сания Токтогазиеванын үстүнөн арыз түшкөн


Сания Токтогазиева.
Сания Токтогазиева.

Бул тууралуу ишки иштер министринин орун басары Мирлан Каниметов Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитеттин жыйынында депутат Наталья Никитенконун суроосуна жооп берип жатып билдирди.

“Сания Токтогазиева боюнча иш Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Бишкектеги Эркиндик бульварынын тургунунун арызынын негизинде катталган. Арыздануучу “дем алыш күнү тынчтык бербей жатат” деп кайрылган. Аны менен (Токтогазиева. ред.) болжолдуу иш жүрдү. Мунун негизинде Бишкек шаардык ишки иштер башкармалыгынын кызматкерлери аны суракка чакыруу үчүн жашаган жерин аныктоо иштерин жүргүзгөн”, - деди Каниметов.

Конституциялык укук боюнча эксперт, юридика илимдеринин доктору Сания Токтогазиева 27-февралда милицияга аны үйүнө издеп барган белгисиз адам боюнча кайрылган эле.

Ал 26-февралда “Фейсбуктагы” баракчасына өзүн Бишкек шаарынын ички иштер башкармалыгынын ыкчам кызматкери, милициянын майору Мирлан Качкынбаев деп тааныштырган адам үйүнө издеп барганын, күйөөсү документин көрсөтүүнү суранып, видеого тарта баштаганда башка шылтоону айтып качып кеткенин жазган.

Токтогазиева соңку учурда өлкөдө болуп жаткан саясий жана укуктук процесстер тууралуу көз карашын ачык билдирип, сындап келет. Ал конституциялык реформа мыйзамсыз деген жүйөнү карманган активисттердин бири. (MiK)

XS
SM
MD
LG