Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:24

АКШ: Колорадо штатында дүкөнгө кол салууда он адам каза болду


АКШнын Колорадо штатындагы атышуудан кеминде 10 киши набыт болду. Алардын арасында полиция кызматкери да бар. Окуя 22-мартта түштөн кийин Боулдер шаарындагы супермаркетте орун алган. Анда белгисиз адам дүкөнгө кирип келип, ок ачкан. Округдун прокурору Майкл Догерти кылмышка шектүү кармалганын, ал жаракат алып, ооруканада жатканын билдирди.

Окуя болгон жерге биринчилерден болуп келген 51 жаштагы полиция кызматкери Эрик Талли окко учту.

Шектүү эмне себептен мындай кадамга барганы азырынча айтыла элек. Полициянын башчысы Марис Херольд «Муну кеминде беш күнгө созулган татаал иликтөөдөн соң гана айта алабыз”, - деп билдирди.

Жергиликтүү журналисттердин бири "YouTube" каналына жарыялаган видеодо супермаркетте, автоунаа токтотуучу жайда бир адамдын сөөгү жатканын көрүүгө болот.

XS
SM
MD
LG