Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:17

Эксперт Токтогазиева аны үйүнө издеп барган белгисиз адам боюнча милицияга кайрылды


Сания Токтогазиева.
Сания Токтогазиева.

Конституциялык укук боюнча эксперт, юридика илимдеринин доктору Сания Токтогазиева аны үйүнө издеп барган белгисиз адам боюнча милицияга кайрылды. Арызына фото, видео жана телефондук сүйлөшүүнүн аудиосун тиркеп тапшырганын ал 27-февралда кабарлады.

26-февралда Токтогазиева “Фейсбуктагы” жеке баракчасына өзүн Бишкек шаарынын ички иштер башкармалыгынын ыкчам кызматкери, милициянын майору Мирлан Качкынбаев деп тааныштырган адам аны үйүнө издеп барганын, күйөөсү документин көрсөтүүнү суранып, видеого тарта баштаганда башка шылтоону айтып качып кеткенин жазган.

Эксперттин тарапкерлери ага колдоосун билдирип, сөзсүз тартип коргоо органдарына кайрылуу керектигин, зарыл болсо аны коргоо үчүн биригүүгө даяр экенин айтып чыгышты.

Токтогазиева 2019-жылдан бери жалпыга маалымдоо каражаттары жана социалдык түйүндөрдөгү жеке баракчалары аркылуу өлкөдө болуп жаткан саясий жана укуктук процесстер тууралуу көз карашын ачык билдирип, сындап келет.

2020-жылдын декабрында ал чындыктын тили менен сүйлөп, улуттун аң-сезимине тийгизген жарандык жигердүүлүгү үчүн» Салижан Жигитов атындагы «Улут абийири» сыйлыгына татыган.

Укук тартибин коргоо органдары, Бишкек милициясы эксперттин билдирүүсү тууралуу азырынча расмий комментарий берише элек (RK)

XS
SM
MD
LG