Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:16

АКШ чалгыны: Сауд канзаадасы журналист Хашогжинин өлтүрүлүшүн колдогон


2018-жылы Тайм" журналы маркум Жамал Хашогжини (Кашыкчыны) "жылдын адамы" жарыялаган.
2018-жылы Тайм" журналы маркум Жамал Хашогжини (Кашыкчыны) "жылдын адамы" жарыялаган.


АКШнын Улуттук чалгын кызматынын директору Аврил Хейнс 26-февралда АКШ Конгрессине тапшырган баяндамада оппозициячыл журналист Жамал Хашогжинин (түркчө тегаты: Кашыкчы) өлтүрүлүшүнө Сауд Арабиясынын бийликтеринин тиешеси болгону айтылат.

Ачыкка чыккан баяндамада Сауд Арабиясынын мураскор канзаадасы Мухаммед бин Салман өзү Хашогжинин уурдалышы же өлтүрүлүшү менен байланыштуу тымызын иш-чараны жактырган, деп айтылган. Бул тууралуу «Рөйтерс» кабар агенттиги маалымдады.

Түркиялык демонстрант көтөргөн көрнөктө "Хашогжинин достору - бүт дүйнө жүзүндө" деп жазылган. Стамбул. 2018-жылдын 25-октябры.
Түркиялык демонстрант көтөргөн көрнөктө "Хашогжинин достору - бүт дүйнө жүзүндө" деп жазылган. Стамбул. 2018-жылдын 25-октябры.


Бул корутунду Мухаммед бин Салмандын "Сауд Арабиясында чечим кабыл алууну толугу менен көзөмөлдөп тургандыгына" негизделген, анын үстүнө мураскор канзааданын негизги кеңешчилеринин бири жана анын өзүнүн коопсуздук бөлүмүнүн кызматкерлери кылмышка даярдык чараларына катышкан, делет баяндамада.


Эске салсак, бул кылмыш 2018-жылы 2-октябрда орун алган. Мухаммед бин Салмандын авторитардык саясатын аёосуз сындаган журналист Хашогжи (Кашыкчы) Сауд Арабиясынын Стамбулдагы консулдугуна документ алуу үчүн келгенде өлтүрүлүп, сөөгү жиликтелген.

Аны өлтүрүү учуру угулган аудио жазууларды кийин Түркиянын атайын кызматы журналисттерге шардана кылган болчу.

Түпкү теги түрк болгон Хашогжинин айрым туугандары Түркияда жашайт, ал өзү – саудиялык жаран болчу.

26-февралда АКШ бийликтери саудиялык 76 жаранга бул өлкөдөгү кайчы пикир туткандарды, журналисттерди коркутуп-үркүтүүгө жана аларга кол салуу аракеттерине байланыштуу Кошмо Штаттарга кирүүгө тыюу салды. Бул жөнүндө Мамлекеттик катчы Энтони Блинкен билдирди.


Бирок бул тизмеге канзаада бин Салман өзү киргизилген жок. Анткени бин Салман АКШ менен Сауд Арабиянын ар тараптуу алакалары үчүн дагы эле өзгөчө маанилүү төбөл болуп саналат.

Оболу расмий эр-Рияд Хашогжинин жоголуп кеткендиги боюнча чаржайыт билдирүүлөр жасап, кийинчерээк анын өлтүрүлгөнүн мойнуна алган.


Бул окуяга байланыштуу 21 киши камакка алынган. 2019-жылы жабык сот жүрүмүндө 11 киши жазага тартылган. Алардын бешөөнө чыгарылган өлүм жазасы кийинчерээк Хашогжинин үй-бүлөсүнүн аларды кечиргендигине байланыштуу 20 жылдык абак мөөнөтүнө алмаштырылган болчу. Дагы 3 киши да абакка кесилген. (TT)

XS
SM
MD
LG