Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Июнь, 2021 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:03

Түркияда Жамал Хашогжинин өлтүрүлүшү боюнча сот башталат


Жамал Хашогжинин сөөгү эмгиче табыла элек.

Түркияда сот 3-июлдан тартып саудиялык журналист Жамал Хашогжинин киши колдуу болушуна байланыштуу ачылган ишти карай баштайт. Анкара бул факт боюнча 20 адамга айып койгон жана алардын арасында Сауд Арабиясынын мураскор ханзаадасы Мухаммед ибн Салмандын мурдагы кеңешчиси да бар экени айтылган.

«The Washington Post» басылмасы менен кызматташып келген Хашогжи 2018-жылы октябрь айында Стамбулдагы Саудиянын консулдугунда өлтүрүлгөн. Ошол убактарда ал Эр-Рияддын саясатын кескин сындап жүргөн.

Сауд Арабиясы Хашогжи консулдукта өлтүрүлгөнүн бир нече жумадан кийин гана моюнга алган. Анын сөөгү ушул күнгө чейин табыла элек. Түркия Эр-Рияддагы бийликтин жогорку эшелонун «журналистти жок кылууга буйрук берген» деп айыптаган, падышалык бул дооматты четке каккан.

Былтыр жыл аягында Эр-Рияддагы прокуратура Хашогжинин Стамбулда өлтүрүлүшү боюнча беш киши өлүм жазасына кесилгенин билдирген. Анын алдында мураскор ханзаада Хашогжинин өлүмү үчүн жоопкерчилик сезерин айткан. Бирок ал кылмышка жогорку бийлик өкүлдөрү аралашкан деген дооматты четке кагып, Хашогжини өлтүрүү операциясы тууралуу кабарсыз болгонун айткан.

Эл аралык коомчулук Эр-Рияддан журналисттин өлүмүн ачык, калыс иликтөөнү талап кылып келет.

Пикирлерди көрүңүз (1)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG