Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:07

Түркия Хашогжинин өлүмү үчүн шектүүлөргө күнөө койду


Жамал Хашогжи.
Жамал Хашогжи.

Түркия саудиялык журналист Жамал Хашогжинин өлүмүнө байланыштуу иштин алкагында 20 шектүүгө күнөө койду. Бул тууралуу өлкөнүн Башкы прокуратурасы билдирди. Соттук териштирүүнүн датасы белгисиз. Шектүүлөрдүн көбү өмүр бою эркинен ажыратылган.

Сауд Арабиясынын мураскор ханзаадасынын мурдагы кеңешчиси негизги шектүүлөрдүн бири катары аталууда.

«The Washington Post» гезити менен иштешкен Жамал Хашогжи 2018-жылы октябрда Стамбулдагы Сауд Арабиянын консулдугунда өлтүрүлгөн. Журналист Эр-Рияддын саясатын, анын ичинде өлкөнүн мураскор ханзаадасы Мухаммед бин Салманды сындап келген. Хашогжинин сөөгүнүн калдыктары эмгиче табыла элек.

«Human Rights Watch» укук коргоо уюму былтыр октябрда Хашогжинин өлтүрүлүшү боюнча иштин жабык өтүшүн эл аралык стандарттарга туура келбейт деп атаган.

XS
SM
MD
LG