Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:14

ЖМК: Саудиялык журналист ханзааданын буйругу менен өлтүрүлгөн


Журналист Жамал Хашогжи Сауд Арабиясынын мураскер ханзаадасы Мухаммад бин Салмандын буйругу менен өлтүрүлгөн.

Бул тууралуу америкалык массалык маалымат каражаттары ЦРУнун адистерине таянып жазып жатышат.

Аты аталбаган америкалык расмий өкүл Wall Street Journal гезитине чалгын кызматынын буйрук берди деген далил буюму жок экенин, ЦРУнун эксперттери Сауд Арабиясындагы түзүлгөн системадагы түшүнүктөрдөн улам ушундай чечимге келгенин билдирген.

Wall Street Journalдын ишенимдүү булагы ханзаада Мухаммеддин катышуусу жок “эч нерсе болбойт жана болушу мүмкүн эмес” деп кошумчалады.

Сауд бийлиги журналист Жамал Хашогжи 2-октябрда Стамбулдагы башкы консулдугунда өлтүрүлгөнүн моюнуна алган. Бирок анын сөөгүн көрсөтө элек. Расмий Эр-Рияд бул окуяга сауд падышалыгынын тиешеси жоктугун белгилеп жатат.

АКШ Саудиянын мураскер ханзаадасы Мухаммад бин Салмандын жогорку даражалуу жардамчылары баш болгон 17 саудиялык жаранга санкция салган.

59 жаштагы Хашогжи 2017-жылдан бери АКШда жашап, Саудия падышалыгын, өзгөчө ханзада Мухаммед бин Салманды кескин сынга алып келген. Ал Саудиянын Стамбулдагы консулдугуна түрк жараны Хатиже Жеңгизге үйлөнүш үчүн документтерин тууралоо максатында барган.

XS
SM
MD
LG