Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:02

Хашогжинин өлтүрүлүшү боюнча беш адам өлүм жазасына кесилди


Журналист Жамал Хашогжинин сөөгү эмгиче табыла элек.
Журналист Жамал Хашогжинин сөөгү эмгиче табыла элек.

Эр-Рияддагы прокуратура саудиялык журналист Жамал Хашогжинин Стамбулда өлтүрүлүшү боюнча беш адам өлүм жазасына кесилгенин билдирди.

Сентябрь айында бул өлкөнүн ханзадаасы, тактынын мураскери Мухаммед ибн Салман Хашогжинин өлүмү үчүн жоопкерчилик сезерин айткан. Бирок ал кылмышка жогорку бийлик өкүлдөрү аралашкан деген дооматты четке кагып, Хашогжини өлтүрүү операциясы тууралуу кабарсыз болгонун билдирген.

«The Washington Post» басылмасы менен кызматташып келген журналист Жамал Хашогжи өткөн жылдын октябрь айында Стамбулдагы Саудиянын консулдугунда өлтүрүлгөн. Кийинки жылдары журналист Эр-Рияддын саясатын кескин сындап келген.

Сауд Арабиясы Хашогжи консулдукта өлтүрүлгөнүн бир нече жумадан кийин гана мойнуна алган. Анын сөөгү ушул күнгө чейин табыла элек. Түркия журналистти жок кылууга Эр-Рияддагы бийликтин жогорку эшелону буйрук бергенин билдирсе, падышалык аны четке каккан.

Эл аралык коомчулук Эр-Рияддан журналисттин өлүмүн ачык, калыс иликтөөнү талап кылып келишкен.

XS
SM
MD
LG