Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:12

"Жыл адамы" наамына журналисттер татыды


Саудиялык журналист, маркум Жамал Хашогжи жана Мьянмада кесилген Reuters агенттигинин журналисттеринин аялдары Тime журналынын башкы бетинде.
Саудиялык журналист, маркум Жамал Хашогжи жана Мьянмада кесилген Reuters агенттигинин журналисттеринин аялдары Тime журналынын башкы бетинде.

Тime журналынын версиясы боюнча "Жыл адамы" деп быйыл журналисттер тобу табылды. Басылма аларды "Коргоочулар" деп атады.

Адатта “Тайм” журналы “Жыл адамы” деп табылган инсандын сүрөтүн басылманын башкы бетине жарыялайт.

Бул жолу башкы беттен төртөө чыкты.

Алардын биринде Түркиядагы Саудиянын консулдугунда өлтүрүлгөн журналист Жамал Хашогжи, экинчисинде Мьянмада камалган журналисттер Ва Лон менен Кья Сонун жубайлары, Филиппинде бийлик куугунтугуна кабылган “Рапплер” сайтынын негиздөөчүсү Мария Ресса жана быйыл редакциясына кол салуу болуп, беш журналисти өлтүрүлгөн Америкадагы "Capital Gazette" басылмасынын кабарчыларынын сүрөтү чыкты.

“Таймдын” сайтында белгиленгендей, журналисттер “өз өмүрүн тобокелдикке салып чындыкты издеген, эр жүрөк билдирүүлөрү үчүн” бул наамга татыган.

"Жыл адамы" деп табылган филиппиндик журналист Мария Ресса "Тайм" журналынын башкы бетинде.
"Жыл адамы" деп табылган филиппиндик журналист Мария Ресса "Тайм" журналынын башкы бетинде.

Бийлик куугунтугуна кабылган Мария Ресса

Филиппиндердин Юстиция министрлиги октябрь айында “Рапплер” агенттигинин башчысы Мария Рессага “салык төлөөдөн качканга аракет кылган” деген айып такты.

Мекеме Ресса 2015-жылдагы компаниянын декларациясында үч миллион долларды көрсөтпөй койгон деп жүйө келтирген.

Агенттик президент Родриго Дутертенин билдирүүлөрүн талдап, анын тышкы саясатын жана маңзатка каршы күрөшүн ачык сындап жазып келген.

Бул Дутертенин кыжырын келтирип, бир нече жолу агенттикти ачык айыптаган билдирүүлөрдү жасаган. 55 жаштагы Мария Ресса айыптоолорду четке кагып, аны бийликтин “саясий куугунтугу” деп атаган.

- Албетте, мен муну "Рапплерди" жабуу үчүн уланып жаткан куугунтуктун бөлүгү катары карайм. Мен буга өлкөдөгү басма сөз эркиндигине, баарыбызга таасирин тийгизе турган макулдашылган аракеттердин бөлүгү. Бизге каршы айтылган бардык айыптоолорго каршы туруу үчүн кандай гана фронтто болбосун күрөштү уланта беребиз. Анткени биздин жашыра турган эч нерсебиз жок. Бул журналистиканы кылмышка айлантуу максатында жасаган аракеттер, - деген Мария Ресса.

“Хьюман Райтс Вотч” уюму филиппин бийлигин Рессага жана анын жаңылыктар агенттигине тагылган айыптардан баш тартууга чакырган. Журналистке тагылган кинени «Дутертенин администрациясынын сынчыларын куугунтуктоо, коркутуу боюнча жүргүзүп жаткан кампаниянын бир бөлүгү» деп атаган.

Reuters агенттигинин журналисттери Ко Ва Лон менен Ко Кья Со Оонун жубайлары.
Reuters агенттигинин журналисттери Ко Ва Лон менен Ко Кья Со Оонун жубайлары.

Жети жылга абакка кесилген Ко Ва Лон менен Ко Кья Со

Мьянмада сентябрь айында Reuters агенттигинин журналисттери 32 жаштагы Ко Ва Лон жана 28 жаштагы Ко Кья Со Оо жети жылга абакка кесилген.

Сот рохинжа мусулмандарынын өлүмүн иликтеген эки журналистке «мамлекеттик сырды ашкере кылды» деген айып таккан.

Журналисттер туура бир жыл мурда кармалган. Сот чечимине нааразылыгын АКШ жана Британия баштаган бир катар мамлекеттер билдирген.

Улуттар Уюму өкүмдү айыптап, журналисттерди бошотуу үчүн күрөштү уланта турганын белгилеген. "Тайм" журналынан бетине алардын жубайларынын сүрөтү чыкты. Ко Ва Лондун жубайы Пан Ей Мондун айтымында, күйөөсү ал камалгандан кийин төрөлгөн кызын көрө элек:

- Кызымды карап алып эле атасын сагына берем. Ал дагы кызынын жанында болгусу келген. Бир нече күн мурда жолдошум «Мен үйгө кетким келип жатат» деди. Күйөөсү камакта жаткан аялдын көйгөйлөрүн айтып берүүгө сөз жетпейт.

2017-жылдын августунда Мьянманын Ракхайн штатында миңдеген рохинжа мусулмандары коопсуздук күчтөрүнүн операциясы маалында каза таап, 700 миңден ашууну коңшу Бангладешке качууга аргасыз болгон.

Беш журналисти өлтүрүлгөн "Capital Gazette"

Ушул жылдын июнь айында Американын Мэриленд штатындагы Аннаполис шаарында жайгашкан "Capital Gazette" басылмасында ок атылып, беш кишинин өмүрү кыйылган.

Кол салуудан үч киши оор жараат алган. Ок аткан адам камакка алынган. Кийинчерээк бийлик аны 38 жаштагы Жерод Рамос атуу жаран экенин маалымдашкан.

Рамос менен гезиттин ортосунда ага чейин сот иштери болуп, утулуп калган экен. Тергөөнүн версиясына караганда, Рамос гезиттен өч алуу үчүн кылмышка барган.

Capital Gazette гезитинин журналисттеринин сүрөтү "Таймдын" башкы бетинде.
Capital Gazette гезитинин журналисттеринин сүрөтү "Таймдын" башкы бетинде.

Сөөгү табыла элек Жамал Хашогжи

Саудиялык журналист Жамал Хашогжинин өлтүрүлгөнүнө эки айдан ашса да анын сөөгү кайда экени ушул күнгө чейин белгисиз.

59 жаштагы Хашогжи 2-октябрда документ иштери боюнча Сауд Арабиясынын Стамбулдагы консулдугуна барганда киши колдуу болгону ырасталган.

Ал 2017-жылдан бери АКШда жашап, өзгөчө Саудиянын мураскер ханзадасын сындап келген.

Түрк тарап журналисттин көзүн тазалоо операциясы алдын ала пландалган деп ишенет. Айрым бийлик өкүлдөрү журналисттин өлүмүнө падышалык үй-бүлөнүн тиешеси бар экенин да кыйыткышкан.

Эр-Рияд журналисттин өлүмүнө мураскер ханзаданын тиешеси жоктугун кайталап, Хашогжини өзүм билемдикке жол берген адамдар өлтүрүп алганын, алар жоопко тартыларын билдирген.

Ноябрь айынын ортосунда Саудиянын прокурорлору иликтөөнүн жүрүшү тууралуу маалымат берип, Хашогжининин өлүмү боюнча кеминде 11 киши айыпталып жатканын, алардын бешөө өлүм жазасына тартылышы мүмкүн экенин билдиришкен.

Бириккен Улуттар Уюмунун адам укуктары боюнча жогорку комиссары Мишел Бачелет Хашогжинин өлүмү боюнча эл аралык иликтөө жүргүзүлүшү керектигин айткан.

"Тайм" журналынын «Жыл адамы» наамына арналып жарыяланган макаласында аталган журналисттерден тышкары Венесуэлада, Түркияда, Орусияда жана башка бир катар өлкөлөрдө быйыл коркутуп-үркүтүүлөргө, басмырлоого кабылган кабарчылар тууралуу сөз болгон.

Бир күн мурда «Жыл адамы» наамына талапкерлердин кыска тизмеси жарыяланган. Андан Орусиянын президенти Владимир Путин, АКШнын атайын прокурору Роберт Мюллер, Кошмо Штаттардын лидери Дональд Трамп жана Британ ханзадасы Гарринин жубайы Меганды да көрүүгө болот.

Ал эми өткөн жылы да бул наамга бир нече адамдан турган топ татыган. Анда зордук-зомбулукка, сексуалдык ыдыкка кабылган аялдардын үнүн коомго жеткирген #MeToo же #Мен дагы кыймылын негиздегендер тандалган.

"Тайм" журналы бул наамды алгач ирет 1927-жылы ыйгарган. Анда ал “Жылдын мырзасы” деп аталчу.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG