Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:37

Хашогжинин иши: Түркиянын өктөм талабы


Саудиянын Стамбулдагы консулдугу.
Саудиянын Стамбулдагы консулдугу.

Түркиянын соту "журналист Жамал Хашогжини өлтүрүүгө тиешеси бар" деген негизде Саудиянын эки жаранын камакка алууга ордер берди. Ага улай түрк тышкы иштер министри Эр-Риядды иликтөөнүн жүрүшү тууралуу ачык маалымат берүүгө чакырды.

Саудиялык журналист Жамал Хашогжи өлтүрүлгөн күндөн бери эки ай өтсө да иликтөө уланып жатат. Маркум журналисттин сөөгү кайда экени ушул күнгө чейин белгисиз.

Түркиянын соту “Хашогжинин көзүн тазалоо операциясын пландоого аралашкан" деген жүйө менен Сауд Арабиясынын мураскер ханзаадасынын мурдагы эки жардамчысын камакка алууга ордер бергени белгилүү болду.

Ханзаада Мухаммед бин Салмандын мурдагы кеңешчиси Сауд Ал-Кантани менен башкы чалгынчынын мурдагы орун басары Ахмед ал-Ассирини камакка алуу тууралуу прокурорлордун өтүнүчү канааттандырылганын Түркиянын "Анадолу" мамлекеттик маалымат агенттиги шаршемби күнү билдирди.

Аны улай түрк тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Брюсселде журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, расмий Эр-Риядды өз иликтөөсүнүн жүрүшү тууралуу дүйнө коомчулугуна ачык маалымат берүүгө үндөдү:

- Азыркыга чейин биз сабырдуулук менен Сауд Арабиясынан иликтөөлөр тууралуу маалымат сурап келебиз. Тилекке каршы эч кандай жооп алган жокпуз. Сауд Арабиясы дайыма бизден маалымат сурап турат. Бул алардын укугу. Биз дайыма маалыматыбыз менен бөлүшөбүз. Бирок Сауд Арабиясы биз менен жана эл аралык коомчулук менен ачык-айкын болушу керек. Алар эмне тапса, ошону бөлүшүүсү керек. Анын ордуна биз карама-каршылыктуу билдирүүлөрдү көрүп жатабыз.

Эл аралык иликтөө жүргүзүү чакырыктары

Журналист Хашогжинин сөөгүнүн дайын-дареги дале белгисиз экенин эске салган түрк министри расмий Анкара эл аралык иликтөө баштоодон да кайра тартпай турганын кошумчалады.​

Маркум журналист Жамал Хашогжи.
Маркум журналист Жамал Хашогжи.

Анын алдында Бириккен Улуттар Уюмунун адам укуктары боюнча жогорку комиссары Мишел Бачелет да саудиялык журналисттин өлүмү боюнча эл аралык иликтөө жүргүзүлүшү керектигин Женевадагы маалымат жыйынында айткан.

59 жаштагы саудиялык журналист Жамал Хашогжи 2-октябрда документ иштери боюнча Сауд Арабиясынын Стамбулдагы консулдугуна келгенде өлтүрүлгөнү ырасталган. Ал 2017-жылдан бери АКШда жашап, өзгөчө Саудиянын мураскер ханзаадасын сындап келген.

Түрк тарап саудиялык журналисттин көзүн тазалоо операциясы алдын ала пландалган деп ишенет. Айрым бийлик өкүлдөрү журналисттин өлүмүнө падышалык үй-бүлөнүн тиешеси бар экенин да кыйытып келишет.

Мындай ойлорун 4-декабрда АКШнын айрым сенаторлору да билдиришти. Ал күнү Сенаттын лидерлери менен комитет жетекчилери АКШнын Борбордук чалгын башкармалыгынын директору Жина Хаспелдин бул маселе боюнча кыскача маалыматын жабык угушканы кабарланган.

Сенатор Боб Коркер бул жыйын анын оюн өзгөртпөгөнүн айтты:

- Журналистти өлтүрүү буйругун мураскер ханзаада Мухаммед бин Салман бергенинен, буга байкоо салып, эмне болуп жатканынан кабар алып турганынан жана бул ишти алдын ала пландаганынан эч күмөнүм жок. Эгер ал сот арачыларынын алдында болсо, 30 мүнөттүн ичинде күнөөлүү деп табылмак.

Саудия дооматтарды четке кагат

Деген менен Эр-Рияд журналисттин өлүмүнө мураскер ханзааданын эч тиешеси жоктугун кайталап келет. Буга чейин Саудия бийлиги Хашогжини өзүм билемдикке жол берген адамдар өлтүрүп алганын, алар жоопко тартыларын билдирген.​

Саудиянын мураскер ханзаадасы Мухаммед бин Салман.
Саудиянын мураскер ханзаадасы Мухаммед бин Салман.

Ноябрь айынын ортосунда Саудиянын прокурорлору иликтөөнүн жүрүшү тууралуу маалымат берип, Хашогжининин өлүмү боюнча кеминде 11 киши айыпталып жатканын, алардын бешөө өлүм жазасына тартылышы мүмкүндүгүн билдиришкен.

Сауд Арабиясынын тышкы иштер министри Адел ал-Жубейр эл аралык иликтөө жүргүзүү чакырыктарын да четке каккан:

- Биз муну эл аралык маселеге айлантууга макул эмеспиз. Саудиянын олуттуу, көз карандысыз жана тажрыйбалуу Башкы прокуратурасы бар. Мындай маселелерди кесипкөйлүк менен чече алган сот системасы бар.

АКШ президентинин администрациясы да Хашогжинин өлүмүнө түздөн-түз Сауд Арабиясынын мураскер ханзаадасын айыптаган жок. Ноябрь айынын соңунда АКШнын коргоо министри бул окуяга Мухаммед бин Салмандын тиешеси бар дегенге далил жок экенин айткан.

Ошентсе да Вашингтон журналист Хашогжини өлтүрүүгө катышты деген жүйө менен 17 саудиялык жаранга санкция салган. Кара тизмеге мураскер ханзааданын жогорку даражалуу жардамчылары да киргизилген.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

XS
SM
MD
LG