Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:27

АКШ саудиялыктарга санкция салды


Саудиянын коомдук прокурору Сауд Ал-Моеб Стамбулдагы консулдукка кирип бара жатат. 30-октябрь, 2018-жыл.
Саудиянын коомдук прокурору Сауд Ал-Моеб Стамбулдагы консулдукка кирип бара жатат. 30-октябрь, 2018-жыл.

АКШ журналист Жамал Хашогжинин (Хашогги) өлтүрүлүшү боюнча 17 саудиялык жаранга санкция салды.

Бул чаралар Саудия "Хашогжинин көзүн тазалады" деп шек саналган беш киши өлүм жазасына тартылаарын билдиргенден көп өтпөй жарыяланды. Түрк тарап "Журналисттин сөөгү кайда?" деген суроону кабыргасынан коюп жатат. Журналист Жамал Хашогжи Саудиянын Стамбулдагы консулдугунда өлтүрүлгөндөн бир жарым ай өткөндөн кийин АКШ айрым саудиялыктарга санкция салды.

Мындай чарага кабылган 17 кишинин арасында Саудиянын мураскер ханзаадасы Мухаммед бин Салмандын башкы жардамчылары Сауд Ал-Кантани жана Махер Мутреб да бар.

АКШнын Финансы министрлиги белгилегендей, ханзааданын узактан берки оң колу болуп саналган Сауд Ал-Кантани журналист Жамал Хашогжини өлтүрүү операциясын “пландоого жана аны ишке ашырууга” аралашкан. Ошондой эле Хашогжи өлтүрүлгөн учурда Саудиянын Стамбулдагы башкы консулу болуп иштеген Мухаммад Алтаиби да “кара тизмеге” киргизилди.

- Биз санкция салган саудиялык расмий өкүлдөр Жамал Хашогжини үрөй учурган жол менен өлтүрүүгө катышкан. АКШда жашап, иштеп жаткан журналистти бутага алып, ырайымсыздык менен өлтүргөндөр колу менен кылганын мойну менен тартышы керек, - деп билдирди 15-ноябрда АКШнын финансы министри Стивен Мнучин.

Саудиялык журналист Жамал Хашогжи (Хашогги).
Саудиялык журналист Жамал Хашогжи (Хашогги).

Санкцияларга ылайык, эми аты аталган адамдардын АКШнын юрисдикциясындагы мүлкүнө бөгөт коюлат жана америкалыктарга алар менен кандайдыр транзакцияларга катышууга жалпысынан тыюу салынат.

Вашингтондун чаралары жарыяланаардан бир аз мурда Саудиянын прокуратурасы Хашогжини өлүмү боюнча 11 киши айыпталып жатканын, алардын бешөөнү өлүм жазасына тартуу жөнүндө сунуш киргизилгенин билдирген эле. Ошондой эле ал журналисттин денеси мүчөлөнгөнү тууралуу Түркия тарап башынан бери айтып келген версияны тастыктаган.

- Бул кылмыш кандай жасалганы да ачыкка чыкты: алгач мушташ болгон. Андан кийин ага өлүмгө алып келүүчү уколду өтө чоң дозада сайышкан. Бул жагдай Хашогжинин өлүмүнө алып келген. Андан соң курмандыктын денесин мүчөлөшүп, консулдуктун имаратынан алып чыгып кетишкен, - деди 15-ноябрда Саудиянын коомдук прокурорунун орун басары​ Шаалан ал-Шаалан. ​

Cауд ханзаадасы Мухаммед бин Салман маркум Жамал Хашогжинин уулу Салах менен жолуккан учур. Эр-Рияд, 23-октябрь, 2018-жыл.
Cауд ханзаадасы Мухаммед бин Салман маркум Жамал Хашогжинин уулу Салах менен жолуккан учур. Эр-Рияд, 23-октябрь, 2018-жыл.

Деген менен Саудия тарап журналисттин мүчөлөнгөн денеси кайда экенин билдире элек. Түрк тарап да так ушул суроонун жообун талап кылып жатат.

Расмий Анкара саудиялык журналисттин өлтүрүлүшүн Эр-Рияд билдиргендей кокустук же өз билемдикке жол бергендердин иши эмес, алдын-ала пландалган операция катары мүнөздөп жатат.

Бейшемби күнү Саудиянын прокуратурасынын маалыматына Түркиянын тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу комментарий берип, түрк тарап маалыматка каанаттанбай турганын айтты:

- Зомбулук менен өлтүрүлгөн Хашогжинин сөөгү кайда? Аны кайда жоготушкан? Кайда көөмп же өрттөп салышкан? Ага эмне болгон? Бүгүнкү билдирүүдө аны өлтүрүүгө буйрук бергендерге каршы чара көрүлгөнү айтылды. Биздин оюбузча мындай кадамдардын баары жакшы. Бирок жетиштүү эмес. Буйрук бергендер жана аны ишке ашыргандар ачыкка чыгышы керек.

Буга чейин Түркиянын бийлик өкүлдөрү "саудиялык журналист Хашогжи жогору тараптын буйругу менен өлтүрүлгөн" деген жоромолду да айтышкан. Анкара журналисттин өлүмүнө байланыштуу бардык аудио жазууларды АКШга, Франция, Германия, Британияга өткөрүп бергени белгилүү болгон.

Бирок Саудия бул ишке мураскер ханзааданын эч тиешеси жок экенин кайталап келет.

59 жаштагы Хашогжи 2017-жылдан бери АКШда жашап, Саудия падышалыгын, өзгөчө ханзада Мухаммед бин Салманды кескин сынга алып келген. Ал Саудиянын Стамбулдагы консулдугуна түрк жараны Хатиже Жеңгизге үйлөнүш үчүн документтерин тууралоо максатында барган эле.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

XS
SM
MD
LG