Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:46

Хашогжинин өлүмү: Ханзааданы калкалашабы?


Cауд ханзаадасы Мухаммед бин Салман (оңдо) маркум Жамал Хашогжинин уулу Салах менен жолуккан учур. Эр-Рияд, 23-октябрь, 2018-жыл.
Cауд ханзаадасы Мухаммед бин Салман (оңдо) маркум Жамал Хашогжинин уулу Салах менен жолуккан учур. Эр-Рияд, 23-октябрь, 2018-жыл.

Кошмо Штаттар журналист Жамал Хашогжинин өлтүрүлүшү үчүн күнөөлүү саудиялык расмий адамдардын айрымдары аныкталганын жана аларга каршы эми санкция киргизилиши мүмкүн экенин жарыялады.

АКШнын билдирүүсүнө чейин Түркиянын президенти журналистти өлтүрүү күн мурунтан пландалганын айтып, күнөөлүүлөрдү Стамбулда соттоого чакырган.

Ал арада “The Washington Post​” гезити Түркия да, АКШ да бул иште Саудиядагы тактынын мураскери, ханзаада Мухаммед бин Салманды калкалоого ыктап турушканын жазып чыкты.

Саудиядагы монархиялык режимди сындап келген Жамал Хашогжи (Хашогги) үч жума мурда өлтүрүлгөнү азыр анык болгону менен сөөгү кайда экени али белгисиз.

АКШнын президенти Дональд Трамп 23-октябрда Ак үйдөн сүйлөгөн учурунда саудиялык калемгердин өлтүрүлүшүн “тарыхтагы эң жаман жашыруун иш" катары мүнөздөдү:

- Мындай нерсе эч убакта болбошу керек. Муну жаап-жашыруунун, өлтүрүүнүн өзү үрөй учурарлык. Мындай нерсе эч убакта болбошу керек эле.

Трамп ошондой эле америкалык адистер Түркия менен Саудиядан журналисттин өлтүрүлүшүнө байланышкан маалыматтарды жыйнап келе жатышканын айтты. Ал ошол маалыматтардын негизинде кийинки чечимдер кабыл алынарын да билдирди. АКШнын президенти сауд падышасы Салман, ханзаада Мухаммед бин Салман менен да бир сыйра телефондон сүйлөшкөнүн, журналистти өлтүрүү “төмөнкү деңгээлде” болгон иш деп ойлоп жатканын кошумчалады.

Ал эми мамлекеттик катчы Майк Помпео Вашингтондогу өз жарыясында АКШ журналисттин өлүмүнө тиешеси бар айрым саудиялыктарды аныктаганын, аларга каршы эми санкциялык чаралар каралып жатканын билдирди:

Майк Помпео.
Майк Помпео.

- Биз бери дегенде кээ бир жоопкер адамдарды чалгын кызматтарынан, падышалык соттон, Тышкы иштер министрлигинен, Саудиянын башка министрликтеринен аныктадык. Биз алар Хашогжи мырзанын өлүмүнө тиешеси бар деп шектенип турабыз. Биз зарыл чараларды көрөбүз, анын ичинде визалар жокко чыгарылат. Финансы министрлиги менен бул адамдарга каршы глобалдык Магнитский санкцияларын колдонуу боюнча иштей баштадык. Санкциялар АКШнын акыркы сөзү болбойт. Биз күнөөлүүлөрдү жоопко тартуу боюнча кошумча чараларды да караштыруудабыз. Ачык айталы, АКШ журналист Хашогжинин үнү кыянатчылык менен басылгандай аёосуз аракеттер менен келише албайт.

Америкалык тараптын бул сөздөрүнө чейин Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган сауд журналистин өлтүрүү “күн мурунтан” пландалганын АК партиянын парламенттеги жыйынында айтып чыккан эле.

Саудиядан журналисттин сөөгү кайда экенин ачыкка чыгарууну талап кылган Эрдоган Анкара бул кылмыш үчүн “саналуу гана чалгын кызматкерлерин” айыптоого алымсынбай тургандыгын кошумчалап, күнөөкөрлөрдү Стамбулда соттоого үндөгөн.

Маркум Жамал Хашогжи көзү тирүүсүндө кызматташып жүргөн америкалык The Washington Post” гезитинин жазганына караганда, АКШ тарап азыр саудиялык 21 расмий адамга визалык чектөө киргизгени жатат.

"The Washington Post” 23-октябрдагы редакциялык макаласында белгилегендей, мамлекеттик катчы Майк Помпеонун жарыясы Эр-Риядда буга чейин камакка алынган саудиялыктарды “садага чабууга” эле багытталгандай таасир калтырат.

"Вашингтон Пост" басылмасынын Интернеттеги баракчасы. 24-октябрь, 2018-жыл.
"Вашингтон Пост" басылмасынын Интернеттеги баракчасы. 24-октябрь, 2018-жыл.

Америкалык абройлуу басылманын пикиринде, Түркиянын президенти да өз сөзүндө Саудияны иш жүзүндө башкарып турган, журналистти өлтүрүү операциясынын "болжолдуу автору" Мухаммед бин Салманга "сөөмөй кезеген" жок. Муну мен ал “саудиялыктарга жана Трамптын администрациясындагы алардын өнөктөштөрүнө ханзааданы калкалоого мүмкүнчүлүк калтырып жатат”.

“The Washington Post” гезитинин көз карашында, буга чейинки карама-каршылыктуу билдирүүлөрүнө карабай президент Дональд Трамп азыр деле ушул максатка ыктап тургандай.

59 жаштагы Жамал Хашогжи быйыл 2-октябрда өз өлкөсүнүн Стамбулдагы Башкы консулдугунун имаратына кирген соң дайынсыз жоголгон.

Жамал Хашогжи.
Жамал Хашогжи.

Саудиянын бийлиги өткөн аптада гана журналист консулдуктун ичиндеги “мушташта” өлтүрүлгөн деп ырастаган. Кийин бул окуяны “өзүм билемдик” менен жүргүзүлгөн операция деп атаган.

The Washington Post гезити эң маанилүү маселе - операцияга ким буйрук бергени деп эсептейт. “Биз буга чейин жазгандай, жалпыга белгилүү далилдердин басымдуу бөлүгү Мухаммед бин Салманды көргөзүүдө. Дал ушул кезде ал күнөөлүү эмес экенин далилдөө түйшүгү саудиттерде болушу керек”, - деп жазат басылма.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG