Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:52

Түрк бийлиги Хашогжинин өлүмүнүн чоо-жайын ачык айтты


Жамал Хашогжи (Хашогги).
Жамал Хашогжи (Хашогги).

Түркиянын башкы прокурору Ирфан Фидан журналист Жамал Хашогжи (Хашогги) Сауд Арабиясынын Стамбулдагы башкы консулдугуна кирери менен муунтулуп өлтүрүлүп, андан соң сөөгү жиликтенгенин 31-октябрда билдирди.

Шаршембиде жарыяланган бул алгачкы расмий билдирүүдө кылмышкерлер мурунтан даярдалган план боюнча иштешкени айтылат.

Хашогжинин тагдыры боюнча түрк медиасы буга чейин "күч түзүмдөрүндөгү ишенимдүү булактарына" таянып жазып келген. Расмий, ачык билдирүү жасала элек болчу.

Ошол эле маалда башкы прокурор Фидан журналисттин сөөгү табыла элек экенин кошумчалады. Анкара Эр-Рияддан Хашогжинин сөөгү кайда экенин көрсөтүүнү талап кылып келет.

Жамал Хашогжи - сауд арабиялык журналист. Ал 2017-жылы АКШга чыгып кетип, мекениндеги бийликти сындап, макалаларды жазып жүргөн. 2-октябрда түркиялык болочок жубайы менен нике куруш үчүн тийиштүү документтерди алганы падышалыктын Стамбулдагы башкы консулдугуна кирген бойдон кайра чыккан эмес.

Сауд Арабиясынын бийлиги адегенде "ал тез эле кайра чыгып кеткен” деп билдирсе, кийин “консулдуктагы мушташ учурунда өлгөнүн” мойнуна алган. Андан соң атайын эле өлтүрүлгөнү, бирок мындан бийлик башындагы падышалык үй-бүлө кабарсыз болгону айтылган. Хашогжинин өлүмүнө шектүү катары Сауд Арабиясында 18 киши кармалган.

XS
SM
MD
LG