Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:17

Трамптын Арабияга жан тартышы сынга кабылды


Сенаттагы талкуунун натыйжасында Сауд Арабиясына жана анын өнөктөштөрүнө колдоо көрсөтүүнү токтотуу жөнүндө резолюция кабыл алынды. 28-ноябрь, 2018-жыл.
Сенаттагы талкуунун натыйжасында Сауд Арабиясына жана анын өнөктөштөрүнө колдоо көрсөтүүнү токтотуу жөнүндө резолюция кабыл алынды. 28-ноябрь, 2018-жыл.

АКШнын сенаторлору журналист Жамал Хашогжинин (Хашогги) өлтүрүлүшүнө байланыштуу Сауд Арабиясынын бийлигине карата саясатын өзгөртпөгөнү үчүн президент Дональд Трамптын администрациясын сындашууда.

Бул маселе Сенатта жабык каралып, Йеменде абадан сокку уруп жаткан Сауд Арабиясына жана анын өнөктөштөрүнө колдоо көрсөтүүнү токтотууну талап кылган резолюция кабыл алынды. Ак үй болсо Сауд Арабиясы менен кызматташтыктан баш тартуу Американын Жакынкы Чыгыштагы кызыкчылыгына каршы келерин билдирүүдө.

Сенаттагы саудиялык журналист Жамал Хашогжинин өлтүрүлүшүн, АКШ менен Сауд Арабиясынын кызматташтыгын караган талкууга президенттик администрациянын жогорку өкүлдөрү – мамлекеттик катчы Майк Помпео менен коргоо министри Жим Мэттис катышты. Эл аралык мамилелер боюнча комитеттин башчысы Боб Коркердин көз карашында, журналистти өлтүрүү планын Саудиянын коргоо министри, азыр өлкөнүн дээрлик бардык бийлигин башкарып жаткан мураскор ханзаада Мухаммад ибн Салман билбей коймок эмес.

Боб Коркер.
Боб Коркер.

- “Мураскор ханзаада бул киши өлтүрүүгө аралашканбы?” дегенге келсек - менимче, аралашкан, - деди Коркер. - Мен ал буйрук берген деп ойлойм. Менде “түтөп жаткан тапанча” жок. Бирок ал киши өлтүрүүнү жасаган өз мекемесинин ишине жооптуу. Ал өзүнүн күнөөсүз экенин далилдөө үчүн эч нерсе жасаган жок. Бул бир гана америка элин эмес, бүт дүйнөнү шылдыңдоо.

Боб Коркер Сауд Арабиясы өнөктөш экенин, кандайдыр бир деңгээлде кыйла маанилүү өлкө экенин белгилеп, бирок мураскор ханзааданын аракеттерин эске алууну сунуш кылды.

Ал эми сенатор Боб Менендес Вашингтон Сауд Арабиясына “өлтүрө берсеңер болот, жоопко тартылбайсыңар” деген белги берип жатат деп эсептейт.

- Биз “өзүбүздүн кызыкчылыгыбыз” деп, мындай киши өлтүрүүгө көз жумуп койгонубуз уят, - деди ал.

59 жаштагы Хашогжи 2017-жылдан бери АКШда жашап, Сауд падышалыгын, өзгөчө ханзаада Мухаммед ибн Салманды кескин сынга алып келген. Ал Саудиянын Стамбулдагы консулдугуна түрк жараны Хатиже Жеңгизге үйлөнүш үчүн документтерин тууралоо максатында барганда өлтүрүлгөн. Анын мүчөлөнгөн сөөгү ушул кезге чейин табыла элек. Эр-Рияд бул ишти кызматынан кыянат пайдаланган атайын кызматтын өкүлдөрү жасаганын айтып, 21 киши камакка алынганын маалымдаган.

Жамал Хашогжи.
Жамал Хашогжи.

АКШнын президенти Дональд Трамп өткөн жумадагы билдирүүсүндө журналистти өлтүрүүнү ханзаада билген-билбегени белгисиз экенин айтып, ЦРУнун иликтөөсүнөн күмөн санаган. Ошондой эле “Сауд Арабиясы АКШнын ишенимдүү өнөктөшү бойдон кала берет” деп билдирген. Президенттин бул позициясын Конгресс мүчөлөрү, анын ичинде айрым республикачылар да сындап, журналисттин өлтүрүлүшү боюнча иликтөө жүргүзүүнү талап кылышкан.

Шаршембиде Сенатта өткөн талкуунун жыйынтыгында Йеменде Иран колдогон хусит козголоңчулары менен согушуп жаткан Сауд Арабиясына жана анын өнөктөштөрүнө колдоо көрсөтүүнү токтотууну АКШ администрациясынан талап кылган резолюция көпчүлүк добуш менен кабыл алынды. Сенаторлор өз чечиминде карапайым элдин арасында курман болгондор, анын ичинде аба чабуулдарынан өлгөндөр көп экенин мисал келтиришти.

- Акыркы окуялар Конгресс мурда эле Йемендеги АКШнын күчтөрүн чыгарып кетиши керек болгонун далилдеп жатат. Бизде бул катаны оңдоого азыр да мүмкүнчүлүк бар. Муну бизден Конституция да, адилеттүүлүк да талап кылат. Йемендеги кырдаал үрөй учурарлык, - деди сенатор Майк Ли.

Йемен.
Йемен.

Жергиликтүү шийит жамааты жана "Иран колдойт" деп эсептелген хуситтер өлкөнүн түндүк-батыш бөлүгүн, борбор шаар Сананы жана Кызыл деңиздин жээгиндеги Ходейда порттук шаарын 2015-жылдан бери ээлеп турушат. Сауд Арабиясы баштаган аскердик коалиция үч жылдан бери эл аралык коомчулук тааныган өлкө лидери Абд-Раббу Мансур Хадинин бийлигин калыбына келтириш үчүн бул жаңжалга аралашып, абадан сокку уруп келет. Бирок алар көздөгөн максатына жете элек. Вашингтон Сауд Арабиясы баштаган коалицияга аскердик колдоо көрсөтүп келе жатат.

АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео хусит козголоңчуларын Иран колдоп жаткан кезде Эр-Риядды колдоосуз калтыруу чоң жаңылыштык болорун жана Вашингтондун кызыкчылыгына карама-каршы келерин билдирди. Ал Сауд Арабиясынын мураскор ханзаадасы Мухаммад ибн Салмандын журналистти өлтүрүүгө тиешесин көрсөткөн түздөн-түз далилдер жок экенин Сенаттагы талкуудан кийин эске салды.

Майк Помпео.
Майк Помпео.

- Падышачылык – Жакынкы Чыгыштагы туруктуулукту сактоодогу маанилүү күч. Сауд Арабиясы, Кошмо Штаттар сыяктуу эле, бул сынчылардан айырмаланып, Иран Ислам Республикасы бүт дүйнөгө жаратып жаткан коркунучту билет, - деди ал.​

2015-жылдан бери Йеменде 10 миңден ашуун киши кырылды, алардын үчтөн эки бөлүгү жайкын тургундар. Өлкөнүн 25 миллионго жакын калкынын эки миллиону үй-жайын таштай качып, азыр өлкө гуманитардык каатчылыкты баштан кечирүүдө.

29-ноябрда Бириккен Улуттар Уюмунун гуманитардык маселелер боюнча өкүлү Марк Лоукок тараптарды кийинки жумада Швецияда өтө турган тынчтык сүйлөшүүлөрүнө катышууга чакырды.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG