Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:05

Согуш токтобогон Йеменди ачарчылык тооруду


Йемендик кыз.
Йемендик кыз.

Йеменде 5,2 миллион бала ачарчылыкка кабылышы мүмкүн. Бул тууралуу "Save the Children" эл аралык бейөкмөт уюму кабарлады.

Йеменде төрт жылдан бери жарандык согуш уланууда. Сентябрь айынын башында Йемендеги жаатташкан тараптардын Женевада мерчемделген тынчтык келишими боюнча сүйлөшүүсү өтпөй калган. Ушундан кийин Ходейда порту үчүн уруштар кайра жанданды.

Учурда Йеменде тамак-ашка баа асмандап, азык-түлүк жеткирген, стратегиялык эң башкы Ходейда порт-шаарында уруштар күчөдү.

- Бул согуш Йемендеги бүтүндөй бир муундун жок болуп кетүүсүн шарттаган көптөгөн коркунучтарга: бомбадан тарта ачарчылык, холера сыяктуу ооруларга чейин кептеди, - деди 19-сентябрда "Save the Children" эл аралык кайрымдуулук фондунун аткаруучу директору Хелле Торнинг-Шмитт.

Ал эми ЮНИСЕФтин өкүлү Меритхел Релано Йемен балдары тозок жашоону баштан өткөрүп жатканын айтты:

- Йемендеги жаңжал балдар үчүн тирүүнүн тозогу болуп жатат. 11 миллиондон ашык бала, ал эми жалпы элдин 80 пайызы гуманитардык жардамга муктаж. Алар тамак-аш тартыштыгына, илдеттерге кабылып жатат, ошондой эле ары-бери каттоо, дегеле зарыл социалдык кызматтарга муктаж.

Йемендеги жаңжал 2015-жылы башталган. Жергиликтүү шийит жамааты жана "Иран колдойт" деп эсептелген хуситтер өлкөнүн түндүк-батыш бөлүгүн, борбор шаар Сананы жана Кызыл деңиздин жээгиндеги Ходейда порттук шаарын 2015-жылдан бери ээлеп турушат. Сауд Арабия баштаган аскерий коалиция эл аралык коомчулук тааныган өлкө лидери Абд-Раббу Мансур Хадинин бийлигин калыбына келтирүү үчүн бул жаңжалга аралашкан.

Йемен.
Йемен.

Ушул айдын башында Бириккен Улуттар Уюмунун ортомчулугу менен Женевада белгиленген тынчтык келишими боюнча сүйлөшүүгө хуситтер келбей койгон.

Алар кайра Йеменге аман-эсен жетүүгө кепилдик берүүнү талап кылышкан. Ушундан кийин аскерий коалиция Ходейда портун тартып алуу гана хуситтерди сүйлөшүү үстөлүнө отурууга мажбурлай аларын билдирген. Учурда Ходейда портунда аскердик операциялар күчөгөнү кабарланууда.

- Азык-түлүк жеткирүүдөгү маанилүү жайлар, Кызыл деңиз жээгиндеги буудай кампаларынын жанында уруштардын уланып жатышы биздин бир айдын ичинде 3,5 миллион адамга тамак-аш жеткирүү ишибизге кедергисин тийгизет. Азыркы уруштар он күндүн ичинде келет деп күтүлүп жаткан 46 миң тонна буудайдын Ходейдага жетүүсүнө коркунуч жаратат, - деди БУУнун азык-түлүк программасынын өкүлү Эрве Верхузел.

Ходейда порт шаары – хуситтерге жана Йемендин түндүк тарабына азык-түлүк жеткирген жалгыз жол. Бирок коалиция хуситтер аны Ирандан курал-жарак алуу үчүн да колдонуп жатканын айтышат.

Худейдо порт шаары.
Худейдо порт шаары.

Бириккен Улуттар Уюмунун Йемен боюнча атайын чабарманы Мартин Гриффитс 16-сентябрда борбор калаа Санаага келип, хуситтерди тынчтык келишимин түзүү үчүн Женевадагы сүйлөшүүгө кайра барууга көндүрүү үчүн дагы бир жолу аракет кылды.

2015-жылдан берки жаңжалда 10 миңден ашык адам көз жумду, алардын үчтөн эки бөлүгү карапайым тургундар. Мындан тышкары 50 миңдей адам майып болду. Бул жылдары Йемендин 25 миллиондон ашуун калкынын эки миллионго жакыны жер которду.

Азиянын түштүк-батышындагы бул өлкө, айрым талдоочулардын айтымында, бири-бирине каршы чыккан Сауд Арабия менен Ирандын кызыкчылары кагышкан кан майдан бойдон калууда.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG