Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:12

Йемен: стратегиялык порт үчүн уруш


Ходейда порту. 1-апрель, 2018-жылы тартылган сүрөт.
Ходейда порту. 1-апрель, 2018-жылы тартылган сүрөт.

Жарандык согуштун кучагындагы Йемендин айланасындагы кырдаалдын курчушу акыркы эки күндөн бери кайрадан эл аралык турмуштун күн тартибине чыкты.

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) баш катчысы Антонио Гутерреш Коопсуздук кеңешине жиберген баяндамасында Йеменден Сауд Арабиясына атылган баллистикалык ракеталарда Ирандын изи бар экенин билдирди. Өкмөтчүл күчтөр жана Сауд Арабиясы баштаган коалиция Кызыл деңиздин жээгиндеги маанилүү порттук шаарды алууга аракеттенишүүдө. Эл аралык уюмдар аймакта ушундан улам аймакта гуманитардык абал оорлой турганын эскертип жатышат.

Йемендин өкмөтчүл күчтөрү жана Сауд Арабиясы баштаган коалиция Ходейда шаарын жана портун хусит козголоңчуларынан тартып алууну максат кылган ири аскердик операциясын бир айдан ашкан даярдыктан соң 13-июнда баштады.

Эки күндөн бери аймакта айгышкан атышуу болуп, коалициялык күчтөр абадан сокку урганы да кабарланып жатат.

Сауд Арабиясы баштаган коалицияга кирген араб мамлекеттери өз аракетин хуситтер саясий чечимге көнбөгөнү менен түшүндүрүүдө. Коалиция өкүлдөрүнүн айтымында, "Йемендин элин коргоо жана анын гуманитардык жардам алышын камсыз кылуу” үчүн аларда аскердик операциялардан башка арга калган жок.

- Биздин уруштун максаты - өкмөт Ходейданы көзөмөлдөшүнө жетишип, хуситтерди бул аймактан жок кылуу. Уруштун мындан тышкаркы дагы бир чоң мааниси - ал козголоңчуларга товар жана башка материалдык жабдуулар келишине бөгөт коёт, муну менен аларга тышкы аскердик колдоо көрсөтүү да жоюлат, - деди 15-июнда Эр-Рияддан Сауд Арабиясы баштаган коалициянын басма сөз катчысы Турки ал-Малики.

Ал эми Йемен өкмөтүнүн гуманитардык иштер боюнча өкүлү Вассим Ахмед 14-июнда: “Хуситтер коммерциялык беш кемеге, куткаруучу кайыктарга чабуул коюп, Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын Ходейдадагы төрт кампасын жардырып жиберишти. Анын айынан биздин беш миң тонна гуманитардык жүгүбүз жоголду”, - деп билдирди.

Хуситтер болсо өздөрүнө каршы чабуулдун мизин кайтара алаарын айтып жатышат.

- Биз душмандын Ходейданын түштүгүн карай жылган аскер-деңиз кемелеринин операциясына каршылык көргөздүк. Күчтөрүбүз Бириккен Араб Эмираттарынын аскердик кемесин эки ракета менен атып, толук талкалады. Йемендин армиясы, элдик комитеттери узакка созулган агрессияны жеңиш үчүн бул тарыхый урушка даяр. Душман ишенип койсун, Ходейданы оккупациялоо мүмкүн эмес, - деди хуситтердин аскердик өкүлү Азиз Рашид 14-июнда Сана шарынан.

Ходейда порттук шаарында айт майрамына чогулгандар. 15-июнь, 2018-жыл.
Ходейда порттук шаарында айт майрамына чогулгандар. 15-июнь, 2018-жыл.

Йемендеги азыркы аскердик чатак 2014-жылдын соңунда тутанган. Жергиликтүү шиит жамааты жана "Иран колдойт" деп эсептелген хуситтер өлкөнүн түндүк-батыш бөлүгүн, борбор шаар Сананы жана Кызыл деңиздин жээгиндеги Ходейда порттук шаарын 2015-жылдан бери ээлеп турушат. Андан бери уруштарда 10 миңдей кишинин өмүрү кыйылды, алардын үчтөн эки бөлүгү жайкын тургундар.

please wait

No media source currently available

0:00 0:04:14 0:00
Түз линк

Курмандыктарды көбү Сауд Арабиясы баштаган суннит багытындагы араб өлкөлөрүнүн абадан урган соккуларынан мерт болгону айтылып келет. Алар Йемендин президенти Абд -Раббу Мансур Хадинин өкмөтүнүн бийлигин калыбына келтирүү боюнча аскердик өнөктүктү 2015-жылдын март айында башташкан.

Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) Йемендеги абалды дүйнөдөгү эң оор гуманитардык кризис деп эсептейт. БУУ жана кайрымдуулук уюмдары Ходейда порттук шаарына коюлган чабуул 22 миллион киши гуманитардык жардамга муктаж болгон өлкөдөгү кырдаалды азыркыдан да курчутуп, миңдеген адамдардын өмүрү кыйылышы ыктымал экенин күн мурунтан эскертишкен.

- Деңизден катуу аткыланганына, абадан бомбалоого карабай Ходейда порту кечээ ачык болду. БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы жалдаган кеме уруштардын алгычкы күнүндө портко токтоп, 5000 миң тонна азык-түлүктү түшүрө алды. Биз бул товарлардын баарын Ходейда порту аркылуу өткөрүшүбүз керек. Башка портторду колдонууга да болушунча аракеттендик, ал жактагы операцияларыбызды кеңейтип жатабыз. Бирок Ходейда алмаштырылгыс, баары ушул портко көз каранды, - деди БУУнун Йемен боюнча координатору Лиз Гранд 14-июнда.

Йемендик качкындардын Аден шаарынын жанындагы лагери. 27-май, 2018-жыл.
Йемендик качкындардын Аден шаарынын жанындагы лагери. 27-май, 2018-жыл.

Ал арада БУУнун баш катчысы Антонио Гутерреш Коопсуздук кеңешине 14-июнда жиберген баяндамада Йеменден Сауд Арабиясына былтыр июлдан бери атылган баллистикалык ракеталардын бешөөнүн сыныктарынан Иранда жасалган бөлүктөр (компоненттер) табылганын кабарлаган.

Гутерреш ошондой эле деңизден Бахрейн кармаган кемеден табылган куралдардын айрымдары, ошондой эле БАЭ кармаган кемеден алынган жардыруучу заттар Иранда жасалган деген “ишенимде” экенин жазган.

Бирок баш катчы БУУнун иликтөөчүлөрү дагы бир жолу ал курал-жарактар түздөн-түз Ирандан жөнөтүлгөнүн аныктай албай койгонун белгилеген.

Хуситтер Сауд Арабиясына баллистикалык ракета аткан учур. 25-март, 2018-жыл.
Хуситтер Сауд Арабиясына баллистикалык ракета аткан учур. 25-март, 2018-жыл.

Антонио Гутерреш Коопсуздук кеңешине анын 2015-жылдагы резолюциясынын аткарылышы боюнча баяндама жиберди. Ал резолюция өзөктүк жана баллистикалык ракета материалдарын, башка куралдарды Иранга жана Ирандан жөнөтүүгө тыюу салган.

Буга чейин АКШ жана Сауд Арабиясы Йемендеги хусит согушкерлерин курал менен жабдыганы үчүн Иранды бир нече жолу айыптаган. Тегеран болсо мындай дооматтарды четке кагып келатат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG