Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:58

БУУ Йемендеги жоолашкан тараптарды жараштыруу аракеттерин улантууда


Йемен.
Йемен.

Бириккен Улуттар Уюмунун Йемен боюнча атайын чабарманы Мартин Гриффитс шаршембиде Аден шаарына барып, өлкөдө 2014-жылдан бери согушуп жаткан эки тарапты элдештирүүгө багытталган аракеттерин улантты. Ал президент Абду-Раббу Мансур Хади жана өлкөнүн жогорку расмий өкүлдөрү менен жолугушту. Өткөн аптада Гриффитс хусит козголоңчулары менен баш калаа Санада жолугушкан, бирок алар менен бир пикирге келе алган эмес.

Йемендеги куралдуу чатак 2014-жылдын аягында башталган.

Жергиликтүү шийит жамааты жана "Иран колдойт" деп эсептелген хуситтер өлкөнүн түндүк-батыш бөлүгүн, борбор шаар Сананы жана Кызыл деңиздин жээгиндеги Ходейда порттук шаарын 2015-жылдан бери ээлеп турушат. Андан бери урушта 10 миңдей кишинин өмүрү кыйылды, алардын үчтөн эки бөлүгү карапайым тургундар.

XS
SM
MD
LG