Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:15

Йемен: Ходейдадан 500 миң киши качты


Үй-жайсыз калган үй-бүлө. Ходейда. 16-ноябрь, 2017-жыл.
Үй-жайсыз калган үй-бүлө. Ходейда. 16-ноябрь, 2017-жыл.

Йемендеги Ходейда порт шаарында жана анын айланасындагы аймактарда күчөгөн уруштардан улам 500 миңден ашуун жайкын тургундар үй-жайларын таштап кетүүгө аргасыз болушту. Алар Адендеги лагерде баш калкалап жатышат.

Йемендеги Аден шаарынын чет-жакасындагы ички качкындар үчүн лагерь беш ай мурда пайда болду. Бул жактагылардын көбү соңку эки айдан бери согуш күчөгөн Ходейда порт-шаарынан жер которгон. Алар Сауд Арабиясы башында турган коалиция күн алыс урган соккулардан үй-жайын таштай качууга аргасыз болушкан.

Кызыл деңиздин жээгиндеги Ходейда порттук шаарын хусит козголоңчулары 2015-жылдан бери ээлеп турушат. Йемендин өкмөтчүл күчтөрү жана аларга колдоо көрсөткөн Сауд Арабиясы баштаган коалиция бул шаарды хуситтерден тартып алууну көздөгөн ири аскердик операциясын быйыл июнь айында баштаган. Соңку эки айдан бери эки тараптын айыгышкан салгылашуулары күчөгөнү айтылууда. Уруштан качкан бозгундарды коңшу Оман жана Сауд Арабиясы өз аймактарына киргизүүдөн баш тартышты. Учурда Адендеги лагерде болжол менен 400дөн ашуун үй-бүлө бар. Лагердин жетекчиси Аднан Абдулла Хасандын айтымында, бул жерге азырынча эл аралык гуманитардык жардам жете элек.

- Бул адамдар Ходейдадагы согуштан качып ушул лагерге келишти, - дейт ал. - Бул жакта деле жыргап кетишкен жок, дагы эле запкы көрүп жатышат. Аларда ун, күрүч, шекер - эч нерсе жок. Лагерь шаардан алыс жайгашкандыктан качкындар сыртка чыгып керектүү буюм-тайым сатып ала алышпайт, алганга акчасы деле жок. Кээде өкмөт дарыгерлерди жиберет. Алар саат 11де келип, бир сааттан кийин эле кетип калышат. Бирок алар рецепт гана жазып беришет. Бул жерде эч кимде эч нерсе жок. Шарттар адам чыдагыс.

Абдулла Хасан кошумчалагандай, качкындар таза суунун, дары-дармектин жетишсиздигине бйаланыштуу ар кандай илдеттерге кабылып, шарт жоктугунан улам ич келте сыяктуу оорулар тез жайылып жатат.

Таза суу алыш үчүн чогулган йемендиктер. 12-май, 2018-жыл. Ходейда.
Таза суу алыш үчүн чогулган йемендиктер. 12-май, 2018-жыл. Ходейда.

Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) өткөн шейшембиде төрт жылга аяк баскан согуштан улам Йемен жакын арада буга чейин болуп көрбөгөндөй гуманитардык кризиске кептелерин эскерткен. Уюм анын алдын алыш үчүн тараптарды атышууну токтотууга чакырды.

- Биз жаңы иликтөөбүздүн жана талдоонун жыйынтыктарын кайра карап чыктык. Анын натыйжасы тышкы жардамга муктаж адамдардын саны жакын арада 11 миллионго эмес, 14 миллионго жетерин көрсөтүп атат. Бул өлкө калкынын дээрлик жарымы, - деди БУУнун гуманитардык маселелер боюнча орун басары Марк Лоукок.

БУУ баш болгон бир катар эл аралык уюмдар Ходейда порт шаарына коюлган чабуул өлкөдөгү кырдаалды курчутуп, миңдеген адамдардын өмүрү кыйылышы ыктымал экенин күн мурунтан эскертишкен.

2014-жылдын соңунда чыккан чатакта 10 миңден ашуун киши кырылды. Алардын үчтөн эки бөлүгү жайкын тургундар болчу. Өлкөнүн 25 миллиондон калкынын эки миллиону үй-жайын таштай качты.

Йемендин өкмөттүк күчтөрү Ходейда аэропортунун жанында жүрүшөт. 13-июнь, 2018-жыл.
Йемендин өкмөттүк күчтөрү Ходейда аэропортунун жанында жүрүшөт. 13-июнь, 2018-жыл.

Жергиликтүү шийит жамааты жана "Иран колдойт" деп эсептелген хуситтер өлкөнүн түндүк-батыш бөлүгүн, борбор шаар Сананы жана Кызыл деңиздин жээгиндеги Ходейда порттук шаарын 2015-жылдан бери ээлеп турушат.

Сауд Арабиясы баштаган аскердик коалиция эл аралык коомчулук тааныган өлкө лидери Абд-Раббу Мансур Хадинин бийлигин калыбына келтириш үчүн бул жаңжалга аралашып, абадан сокку уруп келет. Ходейда порт шаары – хуситтерге жана Йемендин түндүк тарабына азык-түлүк жеткирген жападан-жалгыз жол. Бирок коалиция хуситтер аны Ирандан курал-жарак алыш үчүн да колдонуп жатышканын билдирүүдө.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG